Электр өлчөгүч - электр чоңдуктарын (ток, чыңалуу, кубаттуулук, каршылык, индукциялуулук, сыйымдуулук ж. б.) өлчөөгө арналган приборлор, Электр өлчөгүч түздөн-түз эсептеп баалоочу (вольтметр, электр эсептегичи ж. б.) жана өлчөнүүчү чоңдуктарды атайын өлчөмдөр менен салыштырып ченөөчү (электр көпүрөчөсү) болуп бөлүнөт.

Электр өлчөгүчтүн башка да түрлөрү бар. Түздөнтүз эсептеп көрсөтүүчү приборлор өлчөнүүчү чоңдуктарды эн жөнөкөй жолдор менен өлчөгөндүктөн практикада кеңири колдонулат. Электр өлчөгүч негизинен өлчөө бирдиктеринин аты менен аталат (мис., амперметр, ваттметр, омметр ж. б.). Электр өлчөгүч өлчөө тактыгына жараша төмөнкү класстарга бөлүнөт: 0,1; 0,2; 0,5; 1,0; 1,5; 2,5; 4,0; Электр өлчөгүч токтун теги боюнча туруктуу, өзгөрмө, өзгөрмө жана туруктуу токтун приборлору болуп бөлүнөт, ал эми жумуш аткаруу принцибине жараша магнит-электрдик, электр-магниттик, электрдинамикалык, индукциялык, термо-электрдик, электр-статикалык болуп айырмаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4