Элизия - уңгу менен мүчөнүн же жанаша келген эки сөздүн ортосундагы катар келген эки үндүүнүн бирөөнүн жоюлуп кетиши. Элизия кубулушунун төмөнкү учурлары бар:

  • 1) Аягы үндүү менен бүткөн сөзгө үндүү менен башталган мүчө уланганда, уңгунун аягындагы же мүчөнүн башындагы үндүүлөрдүн бири сыйлыгышып түшүп калат: алты+оо=алтоо, жети+өө=жетөө, башта + оо = баштоо, иште+өө=иштөө, же+ыш=жеш, ата+ым=атам жана башка.
  • 2) Жанаша айтылган эки сөздүн биринчиси үндүү менен аяктап, экинчиси үндүү менен башталса биринчи сөздүн аягындагы үндүү түшүрүлүп айтылат (оозеки речте). Мисалы: кара уй-каруй; эки айыл-эк айыл; бара алат-бар алат, ж.б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү