Элита (фр. elite «тың чыкмалар», «таңдалмалар», «эл жакшылары» маанисинде) - кеңири мааниде ар кандай социалдык, этностук, кесиптик топтун мыктылары, лидерлери.

Tap маанисинде - ишмердүүлүктүн түрдүү чөйрөлөрүндө - саясатта, идеологияда, чарбалык турмушта, маданият тармагында алдыңкы, көрүнүктүү абалды ээлеген адамдар жана топтор. Коомдогу башкаруу, илимди жана маданиятты өнүктүрүү функциясын ишке ашыруучу жогорку артыкчылыкка ээ болгон катмарлар. Элита теоретиктери анын болушунун себебин ага кирген кишилердин табигый мыктылыгынан көрүшөт. Элитанын негизги беш түрүн көрсөтүшөт: саясий, экономикалык, административдик, аскердик жана идеологиялык.

Алгачкы общиналык коомдун шартында мыктылар өздөрүнүн жеке сапаттары менен көзгө көрүнгөндүктөн социалдык топто, урукта, урууда элиталык статустун мураска калтырылышы мүмкүн эмес эле. Алгачкы общиналык коомдун бузулушунун жана таптык коомдун (мамлекеттин) калыптанышынын жүрүшүнө жараша алгач урук-уруу башчылары, кийинчерээк үстөмдүк кылуучу топтор элиталык ролду монополиялаштыра (ээлеп алуу, үстөмдүк кылуу) баштайт. Бул тенденция социалдык мобилдүүлүгү эң начар болгон орто кылымдардагы коомдук түзүлүштө өнүгүү чегине жеткен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.