Эллипсоид - экинчи тартиптеги борбордук туюк бет.

Эллипсоид.

Анын симметрия борбору (0) жана Эллипсоиддин октору деп аталуучу үч симметрия огу бар . Эгер координаталар башталмасын Эллипсоиддин симметрия борборуна жайгаштырып, анын координата окторун симметрия октору боюнча багыттасак, анда Э-дин теңдемеси төмөнкүдөй болот: мында a, в, с - каалагандаи оң сандар. Координата окторунун Эллипсоид менен кесилиш чекиттери Эллипсоиддин чокулары деп аталат. Эдин тегиздик менен ар кандай кесилиши эллипс (кээде айлана) болот. Эллипсоидди эллипсти өз огунун бирөөнүн айланасында айландыруудан алынган бет катары караса да болот. Эгер Эллипсоиддин эки огу бирдей болсо (2а=2Ь же 2а=2с же 26=2с), анда Эллипсоид айлануу Эллипсоиди деп аталат. Эгер 2а=2Ь=2с болсо, Э. сферага айланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4