Эльба, Лаба (нем. Elbe, чехче Labe) - Чехия менен Германия аркылуу аккан дарыя.

Эльба
Эльба.

Уз. 1165 км, алабынын аянты 148 мин км2. Судет тоолорунан башталып, Түндүк Германия ойдуңу аркылуу өтүп, Түндүк денизге куярда эстуарийди пайда кылат. Негизги куймалары: Йизера, Хафель (оң), Влтава, Заале (сол). Орт. чыгымы 920 м3/сек, жазында ташкындайт. Төмөнкү агымында деңиз ташкынынын таасири тиет. Жогорку агымында кеме жүрөт. Везер, Эмс, Рейн жана Одер дарыянын алаптары менен каналдар аркылуу, Киль эстуарийи аркылуу Балтика деңизи менен байланышат. Боюнда Дрезден, Магдебург, чатына жакын Гамбург деңиз порту жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4