Эмбриология — түйүлдүктүн өөрчүшү жөнүндөгү илим.

Эмбрио.

Демек Эмбриология аталык жана энелик жыныс клеткалары уруктангандан баштап, органдар калыптанып бүткөнгө чейин изилдейт. Аталык жана энелик жыныс клеткалары жатын түтүгүндө кошулуп уруктанган жумуртка клетка жатын түтүгү аркылуу бир жумача жылып, жатынга жетет. Ал жатын капталына жабышып, өөрчүй баштайт. Эмбриологиянын жетишкендиктери түрдүү тубаса кемтиктердин пайда болушун түшүнүүгө мүмкүндүк берди. Түйүлдүк түрдүү таасирлерге өтө сезгич келип, органдар, дене бөлүктөр калыптанууда ар кандай бузулууларга учурашы ыктымал. Түйүлдүктө кемтиктердин калыптануусу зыяндуу агенттердин кайсы убакта таасир этишине, анын мөөнөтүнө жараша болот.

Өөрчүү кемтигин алдын алуу үчүн кош бойлуу аялдарды түрдүү жагымсыз таасирлерден коргоо зарыл.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8