Эмбриондук өөрчүү, түйүлдүктүн өөрчүшү, эмбриогенез - жаныбар туйулдугунун эне организминин сыртында (жумурткада) же ичинде (түйүлдүк кабында) өөрчүшү.

Эмбриондук өөрчүү энелик клетканын уруктанып, жеке өөрчүшүнөн (онтогенез) башталып, бир бүтүн, көп клеткалуу, өз алдынча жашоого жөндөмдүү организмдин түзүлүшү менен аяктайт. Эмбриондук өөрчүү бардык жаныбарларда бир нече процеестен турат: уруктануу, гаструляция, органогенез жана өөрчүгөн организмдин жумуртка кабын жарып сыртка чыгышы же төрөлүшү. Ар кандай топтогу жаныбарларда жумурткадан сыртка чыгуу же төрөлүү өөрчүүнүн ар кандай стадиясында өтөт. Мис., ийне терилүүлөр жана кээ бир жердесууда жашоочулар түйүлдүк кабынан эрте, личинкага айлангандан кийин эле чыгат, ал эми негизги өөрчүү процесстери түйүлдүктүн өөрчүшүнүн кийинки мезгилдеринде жүрөт. Уруктануу аталык жыныс клеткасы - сперматозоид менен энелик клетканын биригишинен башталып, ядронун кошулушу менен аяктайт. Уруктанган жумуртка клеткасы адегенде эки бластомерге, андан кийин ал экөө кайрадан бөлүнүп, бирдей чоңдуктагы төрт клетканы пайда кылат. Бластомерлер өспөйт, бирок митоз жолу менен бөлүнүп, көптөгөн майда клеткаларды пайда кылат да, бластуланы - көп клеткалуу түйүлдүктү түзөт.

Бластуланын пайда болушу менен Эмбриондук өөрчүүнүн кийинки мезгили - гаструляция башталат. Ал эми пайда болгон экинчи катмар гаструла деп аталат. Гаструладагы түйүлдүктүн желбиректеринин сырткысы - экзодерма, ичкиси - эндодерма, ортонкусу мезодерма деп аталат, Бул желбиректер пайда болгондон кийин өөрчүүнүн кийинки мезгили - органогенез башталат. Органогенезде эктодермадан тери эпителийи, нерв системасы жана сезүү органдары; энтодермадан ичеги, карын эпителийи, тамак эритүүчү бездер өпкө; мезодермадан скелет, булчуң, кан тамыр, бөлүп чыгаруу системалары өөрчүйт. Ошентип, түйүлдүк өз алдынча өмүр сүрүүгө өтүп, жумуртка кабынан сыртка чыгуу менен Эмбриондук өөрчүү мезгили аяктайт да, постэмбирондук өөрчүү мезгили башталат. Көбөйүүсү ар кандай (жумуртка саны, уруктануу тиби, Эмбриондук өөрчүү узактыгы, түйүлдүктүн азыктануу булагы, тукумуна кам көрүүсү) жаныбарларда жумурткасынын түзүлүшү жана Эмбриондук өөрчүү бир топ айырмаланат. Ар кандай топтогу жаныбарлардын түйүлдүктөрү жетилген организмге салыштырганда көбүрөөк окшоштукка ээ, себеби эвол. өзгөрүү өөрчүүнүн кийинки стадияларында чоң таасир этет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4