Эмпиризм (гр. empeira – тажрыйба) – таанып билүү теориясында сезүү, туюу практикасын билимдердин жападан-жалгыз булагы деп эсептөөчү багыт.

Эмпиризм сенсуализмге жакын. Бирдиктүү гносеологиялык концепция сапатында эмпиризм 17–18-к-дарда жолго коюлган. Идеалисттик эмпиризм (Мах, Юм, Беркли ж. б.) тажрыйбанын, практиканын негизинде объективдүү дүйнө жатарын танат да, тажрыйбаны туюп, сезип билүүнүн жыйындысы катары гана карайт, чектейт. Материалисттик эмпиризм болсо (Ф. Бэкон, Дж. Локк, Гоббс, 18-к-дагы француз материализми) туюу, сезүү тажрыйбасынын булагы болуп, объективдүү жашаган тышкы дүйнө саналат деп айткан. Эмпиризмдин чектелген жагына сезим таанып билүүнүн (чувственное познание) ролун ашыра баалап жибергендикти, илимий теориялардын ж-а абстракциялардын маанисин жеткилең баалабагандыкты, ой жүгүртүүнүн өз алдынчалыгын таанууну ыйгаруу керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8