Эндрү Стэнтон (англ.  Andrew Stanton;1965-жылы 3-декабрда туулган) — «Pixar» студиясында эмгектенген америкалык кинорежиссер, сценарист, продюсер жана үн коштоочу актер. Ал сценарист жана режиссер катары «Pixar» студиясында «Коңуздун жашоосу» (1998, режиссерлош), «Немону издеп» (2003), «Валл-и» (2008), «Жон Картер» (2012) тасмаларын жараткан. Ошондой эле ал «Оюнчук окуясынын» бардык үч бөлүмүнүн жана «Монтсрлар корпорациясы» (2001) анимациялык тасмасынын сценарийин биргелешип жазган.

«Немону издеп» менен «Валл-и» ага «Оскардын» «Эң мыкты анимациялык тасма» номинациясы боюнча эки сыйлыкты алып келген. Ошондой эле ал «Немону издеп», «Валл-и» жана «Оюнчук окуясы» (1995) менен «Оскардын» «Эң мыкты сценарий» номинациясына да көрсөтүлгөн. «Оюнчук окуясы 3» (2010) менен «Оскардын» «Эң мыкты ылайыкташтырылган сценарий» номинациясына көрсөтүлгөн. Стэнтон «Немону издептин» уландысы «Дорини издеп» анимациялык тасмасын тартып, 2016-жылы көрүүчүлөргө сунуштаган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү