Эне-Сай, Енисей (хант, эвенк, иондесси — Чоң-Суу, Чоң-Өзөн) — "Манас" эпосундагы топоним. Айрым айтуучулардын (Ы. Абдыракман уулу, Жусуп Мамай) варианттарында гана кыргыздардын жашаган жери, алгачкы ата мекени катары эскерилет. Мисалы, " Аяк жагы кыргыздын Үч-Аралга жай алып, Баш жагы кыргыздын Энесей тоосун таянып" (ЫА, Кол жазмалар фондусу, 142-инв., 2-б.). "Орозду баатыр ал кезде Эне-Сайды жердеди, Төкөөрүн салган душманга теги эле моюн бербеди" (Жусуп Мамай, 1. 20-б.). Э.-С. деген географиялык атты кыргыздар совет бийлигинин мезгилинде гана кабыл алган. Академик В. В. Бартольддун "Киргизы" (Кыргыздар, тарыхый очерк) деген эмгеги 1927-ж. Фрунзе шаарынан чыккан соң, кыргыз интеллигенттеринин чөйрөсүнө белгилүү болуп, андан жалпы элге тарала баштаган.

19-кылымдын ортосундаЧ. Валихановкыргыздарга келгенде эл өздөрүнүн тарыхы жөнүндө: түпкү ата мекени Анжыян тоолору экендигин, Эртыштын жогорку агымын, Алтай, Каңгай тоолорунун батыш тарабына чейинки жерлерде көчүп-конуп мекендеп жүргөндүгүн жазып калтырган. Энесей жөнүндө эч кандай маалыматтарды учураткан эмес. Ошондой эле совет дооруна чейин жыйналган эпостун материалдарында да жок. Белгилүү этнограф-тарыхчы С. М. Абрамзон да Э.-С. деген топоним кийин кыргыздарга китептик таасир аркылуу киргендигин белгилеген.

Орусия 16-кылымдын аягынан тартып Сибирди каратып, 17-кылымда топографиялык чиймеге түшүрүү иштерин жүргүзгөн мезгилде "Энесей" деген топоним да тарыхый этнографиялык адабияттарда пайда боло баштаган. Кийинчерек Сибирдин географиялык картасын түзгөн кезде азыркы Енисей (Эне-Сай) деген улуу өзөн агып чыккан башатынан (Тува) тартып, куйган жерине (Түндүк Муз океаны) чейин жалпысынан ушул ат менен аталып калган. Енисей өзөнүнүн бойлорунда туруктуу жашаган жергиликтүү элдердин ар бири өздөрүнчө атап келишкен, азыр да ошол элдик ат менен аташат. Мисалы, тувалыктар — Улуг-Хем (БийХем менен Ха-Хемдин кошулган жеринен баштап), хакастар — Ким дешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4