Энрико Ферми (итал. Enrico Fermi; 1901-жыл 29-сентябрь, Италия, Рим — 1954-жыл 28-ноябрь АКШ, Чикаго) — дүйнөдөгү биринчи өзөктүк реакторду түзгөнү менен белгилүү, өзөктүк физиканын, элементардык бөлүкчөлөрдүн физикасынын, кванттык жана статистикалык механиканын өнүгүшүнө зор салым кошкон италиялык физик. "Атом бомбасынын аталарынын" бири деп эсептелет. Көзү тирүүсүндө атом кубатын колдонууга байланышкан бир нече патент алган. "Нейтрондор менен нурлантуу аркылуу жаңы радиоактив элементтердин бар экендигинин далилдегени жана жай нейтрондор пайда кылган өзөктүк реакцияны ачканы үчүн" 1938-жылы физика боюнча Нобел сыйлыгын алган. Ферми теориялык дагы, эксперименталдык дагы физикада ийгиликке жетишкен аз физиктердин бири болгон.

Энрико Ферми.

Деи Линчеи улуттук академиясынын мүчөсү (1935), СССР ИАнын чет өлкөлүк мүчө-корреспонденти. Бета ажыроо жана нейтрондордун басаңдоо теорияларынын автору. 1939-жылы чынжыр реакциясы деген түшүнүктү киргизген. Кийинирээк атомдук долбоорго катышкан.

Аны аты менен Ферми-Дирак үлөштүрүүсү, Томас-Ферми модели, фермий химия элементи ж.б. аталган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Илимий ишмердиги түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү