Энтони Дуейн Маки (англ. Anthony Mackie; 1978-жылы, 23-сентябрда туулган) - америкалык актер. Ал көптөгөн тасмаларда , телесериалдарда, Бродвейдеги жана Бродвейден тышкаркы "Ма Рейнинин кара түбү" (анг. Ma Rainey's Black Bottom), "Чөгүп баражаткан карга"(анг. Drowning Crow), "Аскердин оюну"(анг. A Soldiers's Game), "Карл Хэнкок Ракстын сүйлөшүүсү"(анг. Carl Hancock Rux's Talk) жана ал үчүн 2002-жылы " Obie" сыйлыгын уткан пьесаларда роль аткарган.

2002-жылы ал Эминемдин дебюттук "8 чакырым" (анг. 8 Mile) тасмасында тартылган. Ал эми "Ага-ини сыяктуу"(анг. Brother to brother) тасмасындагы ролу үчүн ал "Independent Spirit " сыйлыгынын "Эң мыкты актер" наамына көрсөтүлгөн. Буга кошумчалай 2009-жылы "Оору кутусу" (анг. The Hurt Locker) тасмасындагы ролу үчүн "Independent Spirit" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" наамына экинчи жолу көрсөтүлгөн. 2014-жылы Энтони Marvel Cinematic Universe тарткан "Капитан Америка: Кышкы аскер" (анг. Captain America: The Winter Soldier ) тасмасында Сэм Уилсон/Фэлкондун ролун аткарган. Ошондой эле "Өч алгычтар: Алтрон доору" (анг. Avengers: Age of Ultron), "Кумурска адам" (анг. Ant-Man) жана "Капитан Америка: Жарандык согуш" (анг. Captain America: Civil War) тасмаларында катышкан.

Ал эми 2016-жылы, май айында ал HBO тарткан "Жол боюнча" (анг. All the Way) тасмасында Мартин Лүтер Киң кичүүнүн ролун аткарган. Ошол эле учурда Брайан Кренстон ошол эле тасмада "Тони" сыйлыгын жеңген Президент Линдон Б. Жонсондун ролун аткарган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү