Эпидермис (эпи... жана гр.derma - тери) - жаныбарларда теринин эктодермадан өсүүчү сырткы эпителий катмары.

Эпидермис.

Омурткасыз жаныбарлардын бир катмарлуу Эпидермис же гетодерма раковина, кутикула иштеп чыгарат. Омурткалуу жаныбарларда эпителий түрүндө болуп, бир нече катмарга бөлүнөт. Анын үстүнкү катмарынын клеткалары бөлүнүп, өлүү клеткаларды алмаштырып турат. Адамдын Эпидермис клеткалары 20 күндө толук жаңырат. Теринин функциясы Эпидермистин түзүлүшү касиеттери менен байланыштуу. Эпидермистин кошумчалары - май, тер, сүт бездери, чач ж. б.

Өсүмдүктөрдө Эпидермис - бардык жаш жалбыракты, сабакты, ошондой эле гүл, мөмө, уруктан турган ткань. Анын сырты кутикула, тирүү же өлүү түктөр менен капталган. Эпидермис ички ткандарды, бузулуудан, кургап калуудан коргойт, газ алмашуу, транспирация, түрдүү заттарды сиңирүү жана бөлүп чыгууну камсыздайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4