Эпикуреизм – байыркы грек жана рим философиясындагы Эпикурдун идеяларынын негизинде келип чыккан окуу. Эпикурчулар Афинада Эпикурга таандык бакка чогулушчу экен, аны өз доорунда «бак» деп атап коюшкан. Метородор Эпикурдун эң көрүнүктүү окуучусу, үйрөнчүгү болгон. Ал ашкере полемикалуу ыңгайда бардык жыргалчылыктын булагы бул дене ырахаты деп эсептеген. Биздин эрага чейинки 2-кылымда Эпикурдун жолун жолдоочулар Римде да пайда болгон. Алардын ичинде эң көрүнүктүүсү Лукреций Кар эле. Эпикур менен полемикага түшкөндөргө караганда, биздин эранын 2-кылымда эле Эпикурдун жаатташтары бир далай болуптур. Алардын бири Диоген Эпикурдун окуусун баяндап берген, үзүндүлөрү бизге чейин жеткен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү