Эпохе (гр. токтоо, басылуу, ой жүгүртүүдөн баш тартуу деген түшүнүктөрүн билдирет) – антикалык скептицизмде калыптанган философиялык түшүнүк.

Секст эмпириктин аныктамасы б-ча биз бар деп да, жок деп айта албай турган акылдын, аң сезимдин абалы жолугат. Э. адам таанып билүүсүндө толук маалымат алууга мүмкүндүктүн жоктугу м-н байланыштырылат да, жандын бейкут, тынч абалда турушун айкындайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8