Эра (латын aera – башталыш сан) – жыл сүрүү системасынын башталыш учуру, ошондой эле жыл сүрүүнүн өз системасы. Мис., христиан эрасы же жаңы эра (биздин эра): жыл санак эсеби боюнча христиан мифологиясында жалпыга маалым Иисус Христостун туулган күнүнөн башталат. Мусулман эрасы хижрадан; жыл сүрүүсү Мухаммеддин Мекеден көчүшүнөн башталат.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.