Эркин ой жүгүртүү (Свободомыслие) диний догмаларды (жоромолдорду) ж-а чиркөө ырым-жырымдарга танып, ар нерсеге акыл-эс илимий көз караш м-н мамиле кылуу. Э. о. ж. орто кылымда эле кездешет (кош чындык теориясы).

Эркин ой жүгүртүү коомдук ой-пикирдеги агым катары 17-к. аягы – 18-к. башында пайда болгон. Эркин ой жүгүртүү терминин биринчи жолу англиялык философ А. Коллинз өзүнүн «Эркин ой жүгүртүү жөнүндө ойлор» аттуу эмгегинде колдонгон (1713). Эркин ой жүгүртүү идеясы француз Агартуучулары тарабынан бир кыйла ырааттуу өнүктүрүлгөн. Россияда Эркин ой жүгүртүүЛомоносов, Радищев, айрым декабристтердин көз карашына мүнөздүү. 19-к. 2-жарымынан баштап илимдин дүркүрөп өсүшү м-н Эркин ой жүгүртүү табият изилдөөчүлөрдүн ж-а буржуазиялык маданияттын прогрессивдүү көз караштагы адамдарынын арасында ири агым болуп калган. Азыркы учурдагы Эркин ой жүгүртүүнүн аралык ири эл уюмдары – «Эркин ой жүгүртүүдүн бүткүл дүйнөлүк кеңеши» (1880, Брюссел), «Эл аралык гуманисттик жана этикалык кеңеш» (1952, Амстердам). Алардын философиялык – саясий ишенимине динди тануу, ар түрдүү көз караштардын курамынан турган эклектизм (келишүүчүлүк) мүнөздүү. Азыркы учурда коомдун өнүгүшү, калктын социалдык жигеринин күчөшүнө байланыштуу Эркин ой жүгүртүүнүн негизги жоболору эскирүүдө. Азыр Эркин ой жүгүртүүчүлөр өз көз караштарын көптөгөн басылмалар аркылуу жайылтышууда.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8