Эсептөө - сандар менен арифметикалык амал аткаруу.

Эсептөө алдын ала такталган эрежелерге таянып аткарылат. Ал маселелердин айрым классынын толук так жазылышын, ошондой эле бул класстардын айрым бөлүктөрү үчүн маселелерди чыгаруу алгоритмдерин берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Эсептөөнүн мисалдарына цифралар (б. а. сан белгилери) менен болгон амалдардын арифметикалык эрежелеринин жыйындысы, элементардык алгебранын тамгалуу эсептөөсү, дифференциал эсептөөлөру, интеграл эсептөөлөрү, вариациялык эсептөө ж. б. кирет. Эсептөө номерлөө жана эсептөө системасы менен бир эле мааниде.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4