Этек кир (менструация – латынче: mēnsis – ай, mēnstruus – ай сайын) айыз же регулалар – жатындын ички кабынан кын аркылуу кандын жана кандын былжырлуу ткандарынын маал-маалы менен чыгышы. Этек кир учурунда эндометриянын функционалдык катмары (жатындын былжырлуу чели) ажырайт. Кан кетүү менен коштолот. Этек кирдин биринчи күнүнөн баштап, айыз түрмөгү башталат.

Этек кир түрмөгү (Этек кир түрмөгүнүн жүрүшүндө гормондордун деңгээлдеринин жана жатын эндометрийинин гистологиялык өзгөчөлүктөрүнүн өзгөрүшү)

Аталган процесс уруктануу үчүн энелик безден чыккан тукум уруктанбай калганда болот. Бул айыз түрмөгүнүн овуляциядан кийинки баскычы деп аталган акыркы фазасында, уруктанууга даярданып жаткан эндометрий ташталганда жүрөт.

Этек кир түрмөгүнүн көлөмү 40-50 мл чейин болушу мүмкүн. Биринчи айыз менархе деп аталып, адатта он эки жаштан он беш жашка чейин пайда болот.

Этек кир каны уюп калбайт жана тамырларда айланган канга караганда кара түскө ээ. Бул айыз канында бир катар ферменттердин болушуна байланыштуу.

Этек кир жана этек кир түрмөктөрү кош бойлуу жана эмчек эмизген кезде жүрбөйт; күтүлгөн убакта этек кирдин келбей калышы кадыресе көрүнүш, ал кош бойлуулукту боолгологон негизги белгилердин бири.

Айыз мезгилинде аял тулку-боюнда ыңгайсыздыкты сезиши мүмкүн. Этек кирдин алдында кыжырдануу, уйкусуроо, чарчоо байкалып, тамырдын кагышы бир аз жогорулашы, ал эми айыз учурунда бир аз басаңдашы ыктымал.

Сыпатталышы түзөтүү

Этек кир – жатындын ички былжырлуу кабыгынан кын аркылуу кан жана былжыр ткандардын бөлүнүп чыгышынан келип чыккан физиологиялык кубулуш. Аялдардын болжол менен 80%ында айызга чейин айрым белгилер бар. Кеңири тараган белгилер менен жышаандарга безетки, эмчектин оорусу, чарчоо, кыжырдануу, ичтин көбүшү жана маанайдын өзгөрүп турушу кирет. 20-30% аялдарда бул белгилер кадимки жашоого тоскоол болушу мүмкүн, мындай абал этек кир алдындагы синдром деп аталат. Алдардын 3-8 %да жышаандары айрыкча катуу болот.

Жаш келиндерде айыздын биринчи күнү менен кийинки этек кирдин ортосундагы кадимки убакыт аралыгы 21 күндөн 45 күнгө чейин, ал эми чоң аялдарда 21-31 күндү түзөт. Кандын кетиши адатта эки күндөн жети күнгө чейин созулат. Биринчи мезгил менархе деп аталып, адатта он экиден он беш жашка чейин башталат. Этек кир менопаузадан кийин аяктайт, ал көбүнчө 45 жаштан 55 жашка чейин болот.

Кош бойлуулук учурунда айыз токтоп, эмчек берген биринчи айларда гана башталат. Этек кир саламатчылыкка бир нече көйгөй жатат. Аменорея – бул 90 күндөн ашык этек кир келбеген же 15 жаштагы кыз алгачкы айызын көрө элек абал. Дагы башка көйгөйлөргө оору жана көп кан кетүү менен коштолот айыз кирет.

Этек кир түрмөктөрү түзөтүү

Этек кир – ай сайын аялдын денесин ыктымал кош бойлуулукка даярдаган аялдын жыныстык түрмөгүнүн бөлүгү. Түрмөк бир этек кирдин биринчи күнүнөн кийинки этек кирдин биринчи күнүнө чейин эсептелет. Этек кир түрмөгү орточо 28 күнгө созулат. Түрмөктөр чоң аялдарда 21 күндөн 35 күнгө чейин, ал эми жаш келиндерде 21 күндөн 45 күнгө чейин болушу мүмкүн.

Этек кир түрмөгү төрт баскычтан: этек кир фазасынан, фолликулярдык фазадан, овуляция фазасынан жана лютеин фазасынан турат.

Аялдарда айыз адатта ай сайын болуп турат, бирок кээде үзгүлтүккө дагы учурайт. Жыныстык жактан жетилгенге чейин, кош бойлуулук учурунда жана төрөттөн кийин жана менопауза мезгилинде этек кир келбейт. Төрөттөн кийин дароо аккан нерсе лохии деп аталат жана бир нече жумага созулат. Кээде эмчек эмизген айларда этек кир бир нече убакытка чейин келбей калышы мүмкүн, ал эми этек кирдин мындай келбей калышы кош бойлуулукту алдын алуунун лактациялык аменорея усулу болуп саналат.

Жышаандары түзөтүү

Көпчүлүк аялдардагы ар кандай тулку-бойлук өзгөрүүлөр айыз түрмөгүндөгү гормондордун деңгээлинин өөдө-ылдый болушунан келип чыгат. Буга этек кир келерден мурда же аны коштогон жатын булчуңдарынын тырышуусу кирет. Айрымдар айызы баштала электе эле ич көбүүнү, жыныстык каалоолордун жогорулашын, чарчоону, көкүрөктүн, баштын оорушун же кыжырданууну байкайт. Кээ бир аялдарда этек кир башталганга чейин жеңил белгилер гана байкалат же алар такыр болбойт.

Күнүмдүк ишмердикке жана иш-милдеттерге тоскоол болгон оор жышаандарга этек кир алдындагы дисфорикалык бузулуу деп диагноз койсо болот. Кээ бир аялдар айыз мезгилинде дисменорея деп да аталган ооруксунткан тырышууну сезишет.

Мындай ооруну басуу үчүн гормоналдык контрацептивдер колдонулат. Узак мезгилге дарылоодо гормоналдык бойго бүтүрбөөчү каражаттар жатындан бөлүнүп чыккан жатын суюктугун азайтат. Бул кыйла кыска жана азыраак ооруткан этек кирге алып келет. Үзгүлтүксүз тулку-бойлук кыймыл-аракет жатындын тартышуусун басууга жардам берет.

Айрым аялдар айыздан бир-эки жума мурда башталып, айыздан кийин бир нече күндүн ичинде аяктаган эмоционалдык жактан жабыркоого дуушар болот. Психологиялык чыңалуу, кыжырдануу, маанайдын өзгөрүшү жана ыйлоо сыяктуу жышаандар байкалышы мүмкүн. Кунт коюу жана эс тутумга байланышкан да маселе жаралышы ыктымал.

Бул баа берүүлөр боюнча 20-30% аялдарда кездешүүчү этек кир алдындагы синдромдун (ЭАС) бир бөлүгү. Бул жышаандар аялдын жумушуна, окуусуна жана күнүмдүк тиричилигине таасирин тийгизе тургандай орчундуу болушу да мүмкүн.

Жеке гигиена түзөтүү

Жеке гигиенаны сактоодо кыз-келиндер өздөрүнө ыңгайлуу болсун үчүн ар кандай өнүмдөрдү колдонсо болот.

Этек кирди тескөө үчүн бир жолу колдонулуучу өнүмдөр төмөнкүлөр:

  • гигиеналык төшөмө – этек кирди сиңирүү үчүн ич кийимге кыналган төрт бурчтук же соргуч материал. Четинде сүлгүнү өз ордунда кармап туруучу жабышмасы бар.
  • тампондор – кайра иштетилген пахтадан жасалган, этек кирди сиңирүү үчүн кындын ичине салына турган, бир жолу колдонулуучу цилиндрлер.

Көп жолу колдонулуучу өнүмдөр:

  • Айыз чөйчөгү – этек кирди чогултуу үчүн кынга кийгизилген, катуу, ийкемдүү, коңгуроо түрүндөгү түзмөк. Менструалдык чөйчөктөр көбүнчө силикондон жасалат жана 5 же андан көп жылга жетет.
  • Чүпүрөк сүлгү: пахтадан жасалган, колдо тигилген (кайра пайдаланылган материалдан же эски кийимдерден жана сүлгүлөрдөн) же дүкөндөн сатып алынуучу сүлгүлөр.

Этек кирди тескөөнүн айрым альтернативдүү ыкмаларына канды эркин агызуу ыкмалары кирет.

Этек кир келгенде гигиена эрежелерин сактоо өзгөчө зарыл. Сырткы жыныс органдарын күнүнө 2-3 жолу жылуу суу менен жууп туруу сунушталат. Грелкалар, ооруну басаңдатуучу каражаттар ооруксунткан этек кирде жагымсыз сезимдерди азайтат.

 
Айыз чөйчөгү
 
Чүпүрөктөн гигиеналык төшөмө
 
Гигиеналык төшөмө
 
Тампон

Дин жана маданият түзөтүү

Дүйнөнүн көптөгөн диндеринин этек кирге байланышкан өз эрежелери бар. Мисалы, ислам айыз мезгилинде аялдар менен жыныстык катнашка барууга тыюу салат. Айрым аалымдар айызы келген аялдар даарат ала албай турган абалда болгондуктан, аларга Курандын арабча нускасына кол тийгизүүгө тыюу салынат дешет.

Иудаизмде этек кири келген аялды ниддах деп аташат жана ага кандайдыр бир иш-аракеттерди жасоого тыюу салынышы мүмкүн. Андай аялдар жөрөлгөлүк жааттан таза эмес деп эсептелет жана алар айрым эрежелерди сактоо тийиш.

Бүгүнкү күндө батыш мектептеринде этек кир боюнча сабаттуулук көбүнчө жыныстык тарбия берүү менен бирдикте окутулат. Этек кир тууралуу маалымат көбүнесе балдардын достору жана курбу-курдаштары менен бөлүшүлөт, бул жыныстык жетилүүгө карата кыйла дурус мамилеге түрткү болот.

Шилтемелер түзөтүү