Этилен, этен, Н2С=СН2 - олефиндердин эң жөнөкөй өкүлү.

Жагымдуу жыттуу, түссүз газ; абадан бир аз жеңил, сууда начар, эфирде жакшы эрийт; жаркыраган жалын чыгарып күйөт; эрүү t - 169,5°С, кайноо t - 103,8°С. Этилен химиялык реакцияга өтө тез кирет, айрыкча кошуп алуу реакциясына жөндөмдүү. Бул касиеттери көмүртек атомдорунун ортосундагы кош байланыш менен түшүндүрүлөт.

Этилен полимерленүүгө да жөндөмдүү (к. Полиэтилен). Этилен этил спирттин күкүрт кислотасынын катышуусунда ысытуудан, ошондой эле 350-400°Сде алюминий кычкылынын үстүнөн этил спиртинин буусун өткөзүүдөн алынат. Арзан жана көп масштабда алуу нефтини жана табигый газдарды иштетүүгө негизделген. Этилен абанын составына бир аз кошулса, жашылча-жемиштин (помидор, жүзүм ж. б.) бышуусун тездетет.

Этилендин кычкылтек менен аралашмасы медицинада наркоз катары жана дихлорэтан, этилбензол, этил хлориди, полиэтилен, этил спирти, этилен кычкылы ж. б. продукцияларды алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.