— түпкү тегинин жалпылыгы менен аныкталуучу туунду. Коомдук адам менен жаратылыштын байланышына совет окумуштууларынын майда-барат айырмачылыктары бар көз караштарын жалпылай келип, үч түрдүү көз карашты бөлүп көрсөтсө болот:

  • 1. "Бирдиктүү" география адамдардын бардык ишмердүүлүгүн жаратылыштын мыйзам ченемдүүлүктөрүнө багынтат;
  • 2. Айрым тарыхчылар менен этнографтар адамзатка байланышкан бардык феномендерди социалдык көрүнүш деп эсептешет. Болгону ага анатомияны жана бир аз физиологияны гана тиешелүү кылышат;
  • 3. Антпропогендик процесстерде материянын кыймылынын коомдук формасынын жана жаратылыш (механикалык, физикалык, химиялык жана биологиялык) формаларынын комплекстеринин көрүнүштөрү айырмалана баштайт.