Юкатан - Борбордук Америкадагы жарым арал.

Юкатан.

Аны Мексика булуңу менен Кариб деңизи чулгайт. Негизинен Мексикага (Юкатан штатында), түштүк чыгыш бөлүгү Гватемала жана Белиз мамлекеттерине караштуу. Көп бөлүгү ойдуңдуу түздүк, түштүк-чыгышында Майя тоосу (бийиктиги 1122 мге чейин) жатат. Карст процесси өөрчүгөн. Ксерофит бадалдары, сейрек өскөн токой; борбордук бөлүгү менен түштүгүн тропиктик дайыма жашыл токой ээлейт. Агава-хенекен өстүрүлүүчү негизги аймак (Мексикада). Порттору: Кампече, Прогресо (Мексика).

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4