Юкон (Yukon) -

1) Түндүк Америка Кордильера тоо кырчоосундагы бөксө тоо. АКШ (Аляска штаты) менен Канадада. Бийикт. 1500-2000 м. Too массивдери негизинен кристаллдык жана жанартоо тектеринен түзүлгөн. Ойдуңдардын таманы антропогендик борпоң чөкмөлөргө толгон. Жез, коргошун, таш көмүр, нефть, алтын кендери бар. Климаты субтропиктик континенттик, батышы Тынч океандын таасиринде. Көп жылдык тоң таралган. Тектирлерин жана өрөөндөрдүн капталдарын (400 м бийиктикке чейин) ийне жалбырактуу токой, тоо тундра өсүмдүктөрү ээлейт.

2) Канада менен АКШдагы (Аляска штатында) дарыя.. Уз. (Льюис дарыянын башатынан) 3700 км, алабынын аянты 855 миң км2. Негизги башаты - Льюис, Кордильера тоолорунан башталат. Ю. жогорку агымында Юкон платосундагы терең тоо өрөөнү, көп бөлүгү Алясканын түздүктөрү боюнча агып, Беринг деңизинин Нортон булунуна куят. Ири куймалары: Танана (сол), Пелли, Поркьюпан, Коюкук (оң). Жазында кирет. Деңиз ташкындары дарыянын жогорку агымын карай 160 кмге чейин жетет. Орт. чыгымы 6,5 мин м/сек. Октябрда тоңуп, апрелдин аягы - майда ачылат. Майдан сентябрдын аягына чейин 3200 км аралыкка кеме жүрөт (Уайтхорс босогосунан чатына чейин). Негизги порттору: Танана (АКШ), Уайтхорс, Доусон (Канада).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4