Жемайте, Юлия (31. 5(12. 6). 1845-8. 12. 1921) - литва жазуучусу.

  • Кедейленген дворяндын үй-бүлөсүнөн.
  • Биринчи аңгемеси («Күзгү кечте») 1894-ж. Литва календарына басылган.
  • 1905-6 жылдардагы революцияны ак пейли менен тосуп алган.
  • Жемайтенин чыг-лыгынын негизги темасы - литва дыйкандарынын турмуш-тиричилиги («Келин», «Пятрас Курмялис», 1898; «Топилис», 1897 ж. б. аңгемелери).
  • «Короо жайдагы көтөрүлүш», «Америкадан келген тартуу» ж. б. аңгемелеринде бай менен дыйкандардын ортосундагы социалдык карама-каршылыктар көрсөтүлгөн.
  • «Шидлавадагы зыярат кылчу жайга», «Олуя Юргиске курмандьж» ж. б. аңгемелеринде клерикализм менен динди, анын өкүлдөрүн сындайт.

Жемайте комедия, очерк, фельетон, публицистикалык макалалар да жазган. Чыгармалары көп тилге которулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.