Левитан Юрий Борисович (19. 9 (2. 10). 1914, Владимир – 4. 8. 1983, Москва) – диктор. СССР эл артисти (1980). Эмгек жолун 1931-ж. 17 жашынан баштап, өмүрүнүн аягына чейин Москвадагы Бүткүл союздук радионун диктору болуп эмгектенген. Ал добушунун уккулуктуу тембри менен өзгөчөлөнгөн. 50 жыл ичинде саясий, расмий маалыматты, айрыкча Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Совинформбюронун маалымат жыйнактарын, андагы оор, кайгылуу кабарларды зор чеберчиликте элдин жан дүйнөсүнө жеткире окуган. ошондой эле бир нече фильмдерге үн коштогон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7