Юрисдикция (лат. jus – укук жана dico – айтам) – 1) тийиштүү мамлекеттик органдардын укук талаштарын жана укук бузуулар жөнүндөгү иштерди чечүү, адамдардын же укуктун дагы башка субъектеринин аракеттеринин мыйзамдуулугун же мыйзамсыздыгын баалоо, укук бузуучуларга карата юридикалык санкцияларды колдонуу ыйгарым укуктарынын мыйзам тарабынан аныкталган жыйындысы. Ю. аркыл белгилери боюнча аныкталат: каралып жаткан иштердин түрү жана мүнөздөрү (кылмыш, тартип бузуу, мүлктүк талаш-тартыштар ж. б.); алардын аймактык тийешелүүлүгү (кылмыш-жаза ишинин кылмыш жасалган жердин соту тарабынан каралышы, жарандык ишти – жоопкердин жашаган жери боюнча кароо); ишке катышкан адамдар боюнча (аскер кызматкерлеринин аскер сотторунда гана соттолууга жатуусу); 2) аймактын белгилүү бир бийлик органына баш ийүүчүлүгү; 3) сот адилеттигинин жөнөтүүсү, ошондой эле мамлекеттик органдардын дагы башка талаш-тартыштарды, укук бузуу иштерин жана санкцияларды колдонуу боюнча иштери.

Колдонулган адабияттар түзөтүү