Ява деңизи - Тынч океандагы аралдар ортосундагы деңиз, Индонезияга тиешелүү Суматра, Ява жана Калимантан, Сулавеси аралдары менен курчалган. Аянты 552 миң км2. Эң терең жери 1272 метр. Суунун үстүңкү бетинин температурасы 27-28°С. Туздуулугу 31,5-34,0. Суткасына бир маал ташкындайт (бийиктиги 2 метрге чейин). Балык кармалат, бермет чогултулат. Башкы порттору: Джакарта, Семеранг (Ява аралында), Банджармасин (Калимантан аралында).

Ява деңизи.
Ява деңизи.

Адабият түзөтүү

  • Георграфиялык энциклопедиялык сөздүк. Кыргыз кеңеш энциклопедиясынын башкы редакциясы. Фрунзе, 1987-жылы.