Якуттар (саха. Сахалар) (мурдагы аталышы уранхай; өздөрүн саха деп аташат) ― Орусиядагы эл, Якутиянын жергиликтүү калкы.

Орусияда (Саха, Бурят респ-лары, Москва, Санкт-Петербург, Краснояр, Хабаров, Примор, Забайкал, Камчатка крайлары, Иркутск, Новосибирь, Амур, Магадан, Томск, Свердлов, Сахалин обл-тары, Еврей автоном обл., Чукотка автоном округу), Украинада, Кытайда, Кыргызстанда (35 киши), Латвияда, Эстонияда, Казакстанда да жашашат. Ошондой эле АКШ, Канада, Улуу Британия, Германия, Швеция, Австралия, Корея респ-нда жана Японияда саха жамааты бар. Жалпы саны 480 000 киши, а. и. Сахада 466,5 миң (2010). Саха тилинде сүйлөшөт. 18-кылымдын 2-жарымында Сахалардын көбү христиан динин тутканы менен шаман дини сакталып калган. Сахалардын этногенезине 10-13-кылымда Сибирге оошуп келип, жергиликтүү калк менен ассимиляциялашкан түрк-моңгол уруулары катышкан. Сахалар этногенези 17-кылымда калыптанып бүткөн. 1620-жылдары Сахалар орустар менен ымалалашкан. Негизги кесиби - мал чарбачылык, балык уулоочулук, аңчылык, соода жана кол өнөрчүлүк. Сахаларын салттуу кийимдери - кыска булгаары чолок шым (натазник), мех курсак калкалагыч, булгаары ноговиц, бир жагына кымтылама кафтан (узун этектүү эркек кийим), белине булгаары кур, кайырма жакалуу көйнөк, эркектери мех баш кийим, бутуна бугу терисинен жасалган бут кийим, аялдары баркыт жана парчадан тигилген баш кийим кийип, кооздуктарды тагынышат. Тамак-ашы негизинен зт, сүт, дан азыктарынан даярдалып, улуттук суусундук катары кымыз кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4