Ямакаси (Калып:Лингала тилинде) - паркур спорту менен машыккан — франциялык команда.

Сөздүн этимологиясы түзөтүү

Ямакаси (лингала ''Ya makási'). тилинен алынып биздин тилде “чың денелүү, духу күчтүү эркектер “ же “чыныгы эркектер” ,”чыдамкайлык” деген маанини түшүндүрөт ».


 
Ямакаси тобунун толук курамы

Топтун курамы түзөтүү

Бул команда 1987-жылы Давид Белль жана Себастьян Фукан тарабынан түзүлгөн. Топ түзүлгөндө төмөнкү 8 адамдан турган

Аты аталган команда өз өлкөсүндө зор ийгиликтерге жетишкен. Атап айтсак "Stade 2"деген француз каналынын спорттук программасынын катышуучулары, ошондой эле I AM группасынын клибинин баш каармандарына айланышкан.1997-жылдын 31-майында алар Которулуу Искусствосунун Ассоциациясын (Ассоциация Искусства Перемещения же The Art Of The Movement Association) түзгөн. Себастьян аны негиздеп жана ага логотип иштеп чыккан болчу.1998-жылы «Ямакаси» «Notre Dame de Paris» мюзиклинин трюктарына катышууга чакырылат.Дал ушул мюзиклден түшкөн сунуш команданын чачырашына алып келген. Себеби курамдагы Ян, Чарльз, Жульян, Шау, Вильям мюзикл менен 2 жылдык келишим түзүшсө, Давид менен Себастьян мюзиклде калууну ылайыксыз деп табышат. Себеби бул жерден Давид паркурду уурулукка колдонууга каршы чыккан. Ошондой эле алардын максаты кино, телевидение жана шоуго чыгуу эле. Натыйжада 1998-жылдын 17-февралында Которулуу Искусствосунун Ассоциациясы тарап, «Ямакаси» тобу чачыраган. Топтогу адамдардын паркур спортуна болгон көз караштарынын дал келбестигинен улам бүгүнкү күндө бул команда толук түрдө жашоосун токтоткон. [1].

Majestic Force түзөтүү

Ямакаси чачырап кеткен соң анын 4 өкүлү Majestic Force аттуу долбоор түзгөн.

Majestic Force тобунун катышычуулары:

  • Ян Хнаутра (Yann Hnautra)
  • Лоран Пьемонтези (Laurent Piemontesi)
  • Шау Бель Дин (Châu Belle Dinh)
  • Вильям Белль (Williams Belle)

Тасмалары түзөтүү

Ямакаси командасы жана алардын чеберчиликтери паркур спорту тууралуу 2 көркөм тасма тартылган:

Дагы караңыздар түзөтүү

Эскертүү түзөтүү

Калып:Паркурдун философиясы

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

  1. Философия паркура. Текшерилген күнү 11 -январь (үчтүн айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.