Ямб (грек тилинен: музыкалык аспаптын атынан келип чыккан) – эзелки адабияттан бери эле келе жаткан кыска жана созулма муундардын айкалышы аркылуу түзүлгөн ыр түрмөгүнүн бир түрү.
Бул байыркы Грецияда пайда болуп, кийин дүйнө жерине тараган. Орустарда бул формадагы ырларды А.С.Пушкин, В.Маяковский, А.Блок ж.б. акындар жазышкан.