Янтарь (литвача gintaras - чайыр, дабыркай), акак таш - органикалык бирикмелер классындагы минерал; байыркы палеоген-неоген мезгилинде өскөн ийне жалбырактуу дарактардын (карагай) ташка айланган чайыры (дабыркайы).

Жакындаштырылган химиялык формуласы С10Н16О4. Курамынын 76-81% ин С, 10,5% инН, 7,5-13% ин 0 жана эң аз санда N, S түзөт. Өлчөмү 0,02-50 см (көбүнчө 2-30 жм), салмагы 10 кгга чейин келген сүйрү, томолок таш түрүндө кезигет. Өңү сары, саргыч күрөн, кызгылт күрөң, ак темгилдүү. Катуулугу 2,0-3; тыгыздыгы 1 г/сж3. Жакшы сайкалданат. 150°С ысытканда жумшарат; 250-400°Сде эрийт. Күйгүзсө чайыр жыттанат. Сукцинит, симетит, бирмит, глессит, бокерит, крантцит ж. б. деп аталган түрлөрү бар. Курт-кумурска же өсүмдүк калдыктары кошо катканы инклюза деп аталат. Кендери Россияда (Калининград обл., Янтарный шаарчасы), Украинада, АКШда, Англияда, Германияда ж. б. өлкөлөрдө кездешет. Янтардан ар түрдүү кооз буюмдар жасалат. Имараттар кооздолот. Янтарь кислотасы, лак майлары алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4