Ян Сибелиус (8. 12. 1865, Хяменлинна, Тавастехус - 20. 9. 1957, Ярвения, Хельсинкиге жакын) - финн композитору, М. Вегелиустан (Хельсинкиде), А. Беккерден (Берлинде), Р. Фукс менен К. Гольдмарктан (Вена) таалим алган.

Фин элдик музыкасынын негизинде ири чыгармаларды (7 симфония, 14 симфониялык поэма, 1892- 1929) жазган.

Көрүнүктүүлөрү: «Калевала» эпосунун негизинде жазылган «Куллерво-симфония», «Лямминкяйнен» симфониялык цикли, «Финляндия», «Түндүк кызы», «Тапиоля» симфониялык поэмалары, «Мекеним» баатырдык кантатасы, «Кара розалар», «Жолугуудан кайткан кыз» лирикалык романстары.

Хельсинкиде 1950-жылдан ар жылы (июнда) «Сибелиус жумалыгы» фестивалы өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.