Ярмарка (нем. Jarmarkt - жыл сайын өтчү соода) - белгилүү жерде мезгил-мезгили менен уюштурулуучу базар (рынок).

Алгачкы Ярмарка Батыш Европада 10 - 11-кылымда пайда болгон.

Брюгге (14 - 15-к.), Лион (15 - 16) жана Лейпцигде (18-к.) өткөн Ярмарка өтө маанилүү роль ойногон. Кийин Россиянын ири шаарларына тараган. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Ярмарка республиканын жана облустун борборлорунда жаз-күз дайыма өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4