ЯрославльРоссиядагы шаар. Ярослав облусунун адм. борбору. Волгадагы порточо Калкы 599,1 миң (2013).

Т. ж. түйүнү. Машина куруу («Автодизель заводу», электр машина, мотор, вагон ремонттоо ж. б.), нефть ажыратуу, («Славнефть-Ярославль - нефтеоргсинтез»), химиялык, нефть-химиялык («лакокраска», Ярославль-Резинотехника ишканалары), заводдору (шина, синтездик каучук, фармацевтика ф-касы ж. б.); жеңил, тамак-аш, курулуш материал ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. ЖОЖдор (а. и. университет), 3 театр, сурөт музейи, тарыхый-арх-ралык, музей коругу бар. 16-19-кылымга таандык арх-ралык эстеликтери: Спас-Преображение монастыры, Коровникидеги Илья Пайгамбар, Иоанн Златоуст, Толчковдогу Никола Мокрый чиркөөлөрү.

Шаар 1010-ж. негизделген. 1071-жылдан белгилүү. 2005-ж. шаардын тарыхый бөлүгү Буткул дүйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4