Ясир Арафат, Абу Аммар (24. 8. 1929, Иерусалим - 11. 11. 2004, Париж) - мамлекеттик жана саясий ишмер; Палестиналык арабдардын боштондук кыймылынын лидери, Палестина Улуттук кеңешинин төрагасы, Палестина автономиясынын башчысы (1996-2004). Каир университетинде билим алган. Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын (Фатх) негиздөөчүсү жана жетекчиси (1968). 1969-жылдан Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун Аткаруу комитетинин төрагасы, 1971-жылдан Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын куралдуу күчтөрүнүн Жогорку башкы командачысы. 1989-жылы Улуттук Советтин сессиясында Палестина мамлекетинин президенти деп жарыяланган. Израилге каршы террордук ыкма менен күрөш жүргүзүүдөн баш тартып, Израиль тарабынан басып алынган араб жерлеринде интифаданы куралсыз каршылык көрсөтүү кыймылын жарыялаган. Анын жыйынтыгында 1993-жылы Израиль менен Палестина өкмөтүнүн ортосунда тынчтык макулдашуусуна кол коюлган. Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотууга кошкон салымы үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылган (1994).

Ясир Арафат (1999)

Колдонулган адабияттар түзөтүү