Яхве (иврит) - еврейлер сыйынган кудайдын аты.

Анын Элохим жана Адонай деген аталыштары дагы кездешет. Яхвенин сүйкүмдүү улуту еврейлер болуп эсептелет. Ал еврейлерге өзгөчө мамиле жасаган жана алар менен Синайда Муса пайгамбардын ортомчулугунда убадалашкан, б. а. ал ырайымдуу, баарына жардам жана жакшылык кылууну көздөгөн, күнөөлөрдү кечирүүчү, кылмышкерлерди жазалоочу, аталарынын күнөөсүнөн улам урпактарына жаза берген ев рейлердин кудайы катары бааланат. Еврейлердин көз карашында Я. ааламды ар дайым көзөмөлдөп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4