Үрүмчү, – Чыгыш Түркстандагы шаар. 1757-жылы цин-манжур императору Цзянь Лундун тушунда негизделген (шаардын алгачкы аты –Дихуа). 1955-жылы шаар курулганга чейинки жергиликтүү географиялык аталышка көчкөн. Үрүмчү шаары Шинжаң-Уйгур автоном районунун борбору. Калкы 1 миллиондон ашат (100дөй түтүн кыргыз бар). Үрүмчү шаарында «Эл басмасы» жана «Окуу-агартуу басмасынын» кыргыз сектору иштейт. Кыргыз тилинде «Шинжаң кыргыз адабияты», «Тил жана котормо» журналдары чыгат[1], «Элдик үн алгы бекетинен» күнүгө эки саат кыргыз тилинде уктурулат.

Үрүмчү

«Манас» эпосундагы топоним түзөтүү

Көпчүлүк варианттарда кыргыздар жана аларга жамаатташ элдер мекендеген жер катары айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында уруу башчысы Үрбүнүн турган шаары катары баяндалат:

Кара кыргыз уругу,
Тору кыпчак улугу,
Атасынын аты Таз,
Шаары Үрүмчү, дөөлөт мас,
Манас менен ысышып
Дос болушкан ошол жаз [2].

Географиялык реалияда Түндүк-Батыш Кытайдагы Ү. суусунун өрөөнүндөгү шаар. Шинжаң-Уйгур автоном районунун административдик борбору. 800 миң эл жашайт (1975). Шаардын аты Ү. суусунун атынан келип чыккан.

Колдонулган адабият түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү