Нацисттик Германия

Үчүнчү рейх‎»‎ барагынан багытталды)

Нацисттик Германия, ошондой эле фашисттик Германия, Үчүнчү рейх (нем. Das Dritte Reich), гитлердик Германия катары белгилүү, 1943-жылы чейин расмий аталышы ― Германиялык рейх (нем. Deutsches Reich), андан кийн Улуу германиялык рейх (нем. Großdeutches Reich) ― 1933―1945-жылдары НСДАПнын тоталитардык башкаруусундагы Германия.

Германиялык рейх
(1933–1943)
Улуу германиялык рейх
(1943–1945)

империя
28-февраль 1933 — 23-май 1945


Желек Герб
Ураан
«Ein Volk, ein Reich, ein Führer»
Гимн
Das Lied der Deutschen
(«Немистердин ыры»)

Horst-Wessel-Lied
(«Хорст Весселдин ыры»)
Борбор калаа Берлин
Ири шаарлары Берлин, Вена, Гамбург, Мюнхен
Тил Немис тили
Дин Динден тышкары
Акча бирдиги рейхсмарка
Аянт 633 786 км² (1938)
696 265 км² (1941)
Калк 109 518 183 киши (1940)
Сулале (династия) Национал-Социалисттик Немис Иштөөчү Партиясы (нем. NSDAP)
Фюрер
 - 1934—1945 Адольф Гитлер
Рейхспрезидент
 - 1934 чейин Пауль фон Гинденбург
Өтүүчүлүк
Веймар Республикасы
Оккупацияланган Германия

Этнохроним түзөтүү

«Үчүнчү рейх» термини о. кылымдагы үч падышалык жөнүндөгү мистикалык окуудан алынган. «Үчүнчү» же «мин жылдык» рейх (о. кылымдагы «Ыйык Рим империясы» 1-рейх, 1871-1918-жылдардагы Германия империясын 2-рейх деп эсептешкен) жөнүндөгү миф өзүн социалдык өнүгүүнүн «жогорку», «акыркы» етадиясы деп жарыялап, дүйнөлүк үстөмдүккө умтулган фашизмдин идеологиялык негизи болгон. 1938-ж. мартта Германияга Чехия жана Клайпеда крайы бириктирилген, 1939-ж. сентябрда Германия Данциг шаарын жана Полынаны басып алган. Экинчи дүйнөлүк согуштун башында Германия Европанын (Испания, Португалия, Швейцария жана Швециядан башка) көп бөлүгүн көзөмөлдөп турган. 1945-ж. 23-майда рейхспрезидент Карл Дёниц жетектеген Фленсбург өкмөтү таркатылган соң, «Үчүнчү рейх» өкүм сүрүүсүн токтоткон.

Оккупациялануусу түзөтүү

 

1945-1949-жылдары Германиянын аймагы СССРдин, Улуу Британиянын, АКШ, Франциянын аскерлери тарабынан оккупацияланып, алардын аскердик администрацияларынын көзөмөлүндө болгон.

Булактар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4