Үч-Коргон суу сактагычыЖалал-Абад облусунун Ноокен районунун (Шамалдысай шаарчасынын жанында) аймагында. Нарын дарыясынын нугуна курулган. Суу агымын сутка боюнча жөнгө салып турат. Энергия алууда, сугатка пайдаланылат. 1964-жылы ишке киргизилген. Узундугу 16км, эң жазы жери 2,5 км, эң терең жери 29 м, суу толгондогу аянты 74 км2, көлөмү 52,5 млн м3. Плотинасынын узундугу 2882 м, туурасы 10м. 47 миң га жерди сугарат.

Аталышы Үч-Коргон суу сактагычы
Аянты 74 км2
Узундугу 16 км
Жазы жери 2.5 км,
Терең жери 29 м
Сыйымдуулугу 52 млн м3

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Адабият түзөтүү