Өзбекстандык кыргыздарБорбордук Азиянын Өзбекстан жумуриятында байырлаган түрк тилдүү калктардын бири.

Анжыяндык кыргыздар түзөтүү

  Анжыяндык кыргыздар (өз атоосу — анжыян кыргыздары, себей кыргыздары) — Анжыян облусундагы этникалык топ, кыргыздардын субэтносу. Курган-Теппе районунда анжыяндык кыргыздар Каңды, Дардак, Баштут, Азат, Намуна, Чирик-Тамга, Дардак-Теппе, Манас (мукур), Жорту-Баш, Ишанабад, Ахунбабаев, Алтынсай, Суткон, Коштепа, Иштимаят, Маданият, Ашкалтепа, Янгиабад и Карасадак айылдарында жашашат. Жала-Кудук районунда Абдулабий, Болгария, Кутурма, Аим, Бирлашган, Яркишлак, Пахтакор, Топайыл, Түштүк Аламушук жана башка айылдарында жашайт. Ханабатта кыргыздар Кыдыршаа, Тапалино, Карабагыш, Алчалы, Султанабад айылдарында жашашат [1].

Кыскача таржымакалы түзөтүү

Өзбекстандын бир катар чөлкөмдөрүндө жашаган кыргыздар аталган аймактардын түптүү, автохтондуу калкы болуп саналат. Бул чөлкөмдөрдү байырлаган кыргыз уруулары кыргыздын оң, сол, ичкилик урууларынын курамдарына кирет.

Тагыраак айтканда, Өзбекстандын азыркы Анжияндык кыргыздар, Ферганалык кыргыздар, Наманган кыргыздары, Бухара, Самаркан, Сырдарыя, Навойи, Жыззак кыргыздары, Ташкент чөлкөмдөрү, Каракалпакстан аймактары кыргыз урууларынын эзелтеден көчүп-конуп жүргөн ареалы жана чарбалык-экономикалык, соода жүргүзүүдөгү зор мааниси бар, кыргыздардын согуштук-саясий таасири күчтүү аймактардан болгондугу тарыхый жазма булактарда, илимий адабияттарда чагылдырылып келет.

Кыргыз уруулары аталган аймактардын этностук чөйрөсүнө өз таасирин тийгизишкен.

XXI к. башталышында кошуна өлкөнүн аймагында расмий Ташкенттин статистикалык соңку жарыялаган маалыматтарына караганда 370 миңден ашуун кыргыздар жашары маалымдалган («Вечерний Бишкек» гезити, 25.02.2003).

Кыргыздар негизинен Өзбекстандын Анжиян, Фергана, Наманган, Жиззак, Сырдарыя, Самаркан, Кашкадарыя, Ташкент облустары, Каракалпакстан ж.б. региондордон орун алышып, ал жерлердин рельефин эзелтеден өздөштүрүшүп, байырлап калышкан.

Биротоло отурукташууга жана жарым отурукташууга өтүү процесси XIX к. орто чендеринен факт жүзүндө күчөй баштаган.

Бул тарыхый-этностук процесске кыргыздар жашаган бүгүнкү Афганистан, Кытай (Чыгыш Түркстан, Батыш Кытай), азыркы Кыргызстандын жана ага чектешкен аймактарды (Фергана өрөөнү) Улуу Британия, Цин Кытайы, Россия империясынын өз ара зордук-зомбулук менен бөлүп алуунун натыйжасы болгон.

Аталган басып алуучу империялардын кыргыз жерлерин өз ара бөлүп алууларынын натыйжасында кыргыз урууларынын Фергана, Зарафшан, Бухара, Самарканд ж.б. аймактардан бүгүнкү Чыгыш Түркстанга (Батыш Кытай), Түндүк Афганистан жана ага жамаатташ аймактарга кылымдар бою салт болуп калган көчүүлөрү токтотулган эле.

Натыйжада, жүз миңдеген кыргыздар отурукташууга, жарым отурукташуу абалына өтүүгө аргасыз болушкан. Бул бүтүм жалпы кыргыз этносунун өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген болучу.

Мурдагы Совет доорундагы, андан соңку Өзбек көз каранды эмес республикасындагы жүргүзүлгөн ар бир «эл каттоолордо» кыргыздардын саны мурдагы расмий жарыя кылынган документтердеги маалыматтарга салыштырмалуу улам азайтылып көрсөтүлгөндүгү маалым.

Расмий Ташкенттин акыркы маалыматтарында бул өлкөдөгү кыргыздардын саны Өзбекстандагы жалпы калктын 4% азыраагын (учурда өлкөнүн жалпы калкы 25 миллиондон ашуун адам) түзгөн.

XIX к. экинчи жарымындагы айрым жазма булактарга, эл каттоолордун маалыматтарына таянсак, анда кыргыздар бул аймактардагы негизги, басымдуу көпчүлүктү түзгөн.

Маселен, XIX к. аягындагы тарыхый-документалдык (даректүү) булактарда кыргыздар Фергана өрөөнүнүн калкынын эң негизги, басымдуу бөлүгү экендиги чагылдырылган. Ош уездинде кыргыздар жалпы жашаган калктын 98,85%, Маргалан уездинде 29,66%, Наманган уездинде - 25,73%, Анжиянда - 39,66%, Кокондо - 6,05% (136,66) түзүшкөн (Губаева 1991,74).

Андан кийинки эле даректүү тарыхый жазма маалыматтарга таянсак, 1913-жылга карата Анжиян уездинде – 117774, Кокон уездинде - 26421, Наманган уезинде - 120297, Ош уездинде - 143571, Скобелев (Фергана) уездинде – 87532 кыргыз жашаган.

Жалпысынан алганда, кыргыздардын Фергана өрөөнүндөгү саны 495 595 адамды түзүп, бара-бара кыргыздардын салыштырмалуу саны расмий ж.б. маалыматтарда кыскартыла баштаган (Койчиев 2001, 12).

Мындан сырткары, кыргыз этносунун бул аймактардагы санынын кыскарышы табигый, социалдык-экономикалык шарттардын, жайыттардын кыскарышы, кыргыздардын бир бөлүгүнүн отурукташууга өтүүсү, ХХ к. 30-40 жж. коммунисттердин элди жапырт коллективдештирүүсү, кошуна жашаган сарт (фарси-тажик), түрк, каракалпак сыяктуу калктар менен жуурулуушусу ж.б. процесстер негизги ролду ээлеген.

Өзбекстандын Кыргызстанга чектеш Фергана өрөөнүндөгү Анжиян областына караштуу Коргонтөбө, Жалалкудук, Кожоабад, Булакбашы, Айым, Мархамат ж.б. райондорунун административдик аймактарында кыргыздар эзелтеден компактуу, чогуу жашап келишет.

Фергана өрөөнүнүн Өзбекстан тарабында, тагыраак айтканда жогоруда аты аталган чөлкөмдөрдө жашаган кыргыздар бүгүнкү Кыргызстан менен этностук-маданий, чарбалык-экономикалык, тууган-туушкандык жактан карым-катнаштары кеңири болгондуктан толук этностук өзгөчөлүктөрүн сактап келишүүдө.

Ал эми Ташкент, Сырдарыя областтарындагы кыргыздардын басымдуу бөлүгү казактарга чектеш, аралаш жашашкандыктан, көпчүлүгү казак мектептеринен билим алгандан улам, ал жердеги кыргыздарга казактардын руханий дүйнөсү, каада-салты өз таасирин тийгизген. Чаткал тоолоруна чектеш жашаган кыргыздар өз каада-салттарын таза бойдон сактап кала беришкен.

Үчүнчү топко Жиззак областынын тоолуу райондорунда жашаган кыргыздар кирет.

Бакмал, Замин, Достук райондорунда жашаган кыргыздар, өзгөчө тоолуу аймактарда жашагандары тилин, каада-салттарын сактап келишет. Жаштардын басымдуу бөлүгү кыргыз мектептеринде билим алышат.

Айрым маалыматтарда бул чөлкөмдө чектеш жашаган казак, өзбек, кыргыз каада-салттары аралашкан абалда өнүгүүдө («Вечерний Бишкек», 25-февраль, 2003).

Фергана өрөөнүнүн Өзбекстанга караштуу бөлүгүндө жайгашкан Анжиян, Наманган, Фергана облустарынын административдик-аймактык курамдарына кирген кыргыздар жана алардын уруулук курамы жөнүндө маалыматтарга токтолсок төмөндөгүдөй этностук жайгашууну байкоого болот: Анжиян облусунун аймагында кыргыздын кыпчак, каңды, бостон, мундуз, кыдырша, найман, кара багыш, мунгуш, бөрү, баргы, тейит, төбөй, кытай, багыш урууларынын өкүлдөрү мекендешет. Аты аталган уруулар кыргыздын ичкилик, оң жана сол канаттарынын курамдарына киришет.

Фергана өрөөнүнүдөгү (Өзбекстан тарабындагы) кыргыз урууларынын өкүлдөрүнүн негизги бөлүгүн кыргыздын кыпчак уруусу түзөт: Алар: кармыш, актачы, жаманан, жартыбаш, кызылаяк, тору айгыр, акбото уруктарынан турат

Өзбек Республикасынын Фергана облусунун аймактарын (Вуадил ж.б.райондор) негизинен кыргыздын ичкилик (Булгачы) урууларынын өкүлдөрү байырлап келишет. Аларга төмөнкү уруулар кирери такталган: жоокесек, кесек, найман, нойгут, кыдырша, кыпчак, бостон, канды ж.б.

Наманган областынын айрым аймактарын саруу, кушчу, моңолдор, саяк, сарттар, багыш, мундуз, кыпчак ж.б. уруулардын өкүлдөрү компактуу түрдө байырлашат. Аталган уруулардын өкүлдөрүнүн бир бөлүгү Кытайдын Шинжаң Автономиялуу округунда жашап келишет.

Кыпчактар кыргыздын башка уруулары сыяктуу эле Чыгыш Түркстандан (XVII-XVIII кк), Фергана өрөөнүнүн (XVIII-XIX кк) саясий турмушуна өтө жигердүүлүк менен катышып келишкен (Сапаралиев 1999, 32-38).

Фергана өрөөнү жана ага жамаатташ жерлерди, жайыттарды кыргыз уруулары өзгөчө XV-XVI кк. өзгөчө тездик менен өздөштүрө башташкан. Бул аймактын ыңгайлуу табигый шарты, кенен жайыттары, отурукташкан, жарым көчмөн башка элдер менен соода-сатык алакалары үчүн кыргыздар Жетисуу, Аулиеата, Талас, Кашкар, Алай, Каратегин, Кашкадарыя ж.б. жерлерден көчүп келүүсү ХХ к. биринчи чейрегине чейин уланган. Мындан сырткары, Россия империясынын Цинь Кытайы менен чек ара маселелерин тактоосу кыргыздардын Чыгыш Түркстандан ж.б. жерлерден Фергана ж.б. аймактарга жылдык салттуу көчүүсүнө терс таасирин тийгизген.

Тагыраак айтканда, XIX к. экинчи жарымынан көп кылымдык жер которуштурган көчүү багытына бөгөт коюлган эле. Көпчүлүк ыңгайлуу жерлер пахта, ж.б. айыл-чарба талааларына айлантылган, сууга, жайытка ыңгайлуу жерлер Россия империясынын түпкүрүнөн көчүрүлгөн орус, украин ж.б. келгин дыйкандарга таратылып берүүсү да жайыттардын, кыштоолордун кыскарышына алып келген; бул процесс да кыргыздардын бир бөлүгүнүн отурукташуусуна шарт түзгөн.

1902-ж. «Фергана областынын жылбаяны» берген маалыматтарга таянсак бул өрөөндөгү 300 000 кыргыздардын 200 000 отурукташууга өтүп, жер иштетип, дыйканчылык менен кесиптене башташкан.

Бул мезгилде кыргыздар саны боюнча Фергана областында сарттардан кийинки орунда турган (Губаева 1991, 76). «Сарт» - санскрит (байыркы индиялыктардын диний-ритуалдык тилдеринин бири) тилинде «соодагер» маанисин туюнтуп, көчмөн түрк элдери тарабынан отурукташкан, жер иштетишкен иран (фарси-тажик) тектүү, кийинчерээк түрктөшкөн калкка берилген энчилүү ат экендиги илимде эбак далилденген.

Албетте, жогоруда айтылып өткөндөй, бул процесс Кыргызстандын Россиянын карамагына каратылышы, зордоп баш ийдирүүсү, Цинь империясы менен Чыгыш Түркстан боюнча өткөн чек аралардын такталышы менен байланышкан.

Ч.Ч.Валиханов Фергана аймагында XIX к. көчүп-конуп жүргөн кыргыздардын материалдык жана руханий маданиятына отурукташкан калктын тийгизген таасирин белгилеп, акыркылардын тили жагатай (чагатай) тилине жакындап калгандыгын белгилеген. Изилдөөчү бул кыргыздардын кадыресе жер иштетип, дыйканчылык кылгандыгын жазат.

Түркстан крайынын эсепке алган (ревизиялык) материалдарда Кокон уездиндеги Нойгут-Кыпчак волостундагы кыргыздар, сарттардын тилин (түрк-иран тили) өздөштүрүп, кыргыз адатынын ордуна диний шариятты кабыл алышкандыгы жана каада-салтта отурукташкан калк менен бирдей болуп калгандыгы билгиленген.

Арийне, мындай факт-материалдар отурукташкан жана көчмөн элдердин чарбалык-экономикалык, маданий чек аралары өткөн жерлерде арбын кездешери байкалат.

Ал эми, кыргыздардын тажик (иран) тилдүү сарттар менен кошуна жашоосу, биринчилердин (кыргыздардын) тилине жана каада-салтына тажиктердин тийгизген таасирин белгилеген.

Исфара жана Канибадам волосторунда отурукташууга өткөн кыргыздар ошол чөлкөмдөгү көп сандуу сарт-тажиктердин курамына жуурулушуп кеткен. Ошондой болсо дагы кыргыздардын башка элдерге жуурулуп кетүү процесси массалык мүнөзгө ээ болгон эмес.

XIX к. отурукташууга жана жарым көчмөн абалына өткөн кыргыздар бүгүнкү күнү да өз тилин, маданиятын жоготпой сактап келишет.

Орто Азия аймагында Совет бийлиги орногондон кийин чек ара тактоо жана аны турмушка ашыруу бул аймактарды мекендеген кыргыздардын тагдырына да терс таасирин тийгизди. ХХ к. 20-30 жж. чек араны тактоо жана аны жөнгө салуу иштеринин жүрүшү кыргыздар жашаган бүтүндөй бир аймактардын Өзбекстан, Тажикстандын административдик-аймактык башкаруусуна баш ийип калуусуна, кыргыздардын андан аркы этностук өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизди.

Мисалы, Анжиян областынын курамына кирип калган Ханабад, Жалалкудук, Коргонтөбө, Булакбашы, Мөнөк ж.б. волосторунун жашаган калкынын дээрлигин кыргыздар түзгөн. Анжиян уездиндеги отурукташкан айылдардын жалпы саны 201 кыштак болсо, улуттук өзгөчөлүгүнө жараша алар төмөндөгүдөй абалда болгон: кыргыздар -138 айылды, өзбек жана сарттар – 38 айылды, орустар - 12, тажик - 1, түрк - 4, кашкарлык (уйгурлар) - 4, аралаш жашагандар – 4 айылды түзүшкөн (Койчиев 2001, 45).

Демек аймактагы калктын улуттук өзгөчөлүгүн эске албаган административдик-аймактык бирдиктерге бөлүү иши (1924-1927 жж. жүргөн) өз учурунда СССРдин курамына кирген Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы өтө таатал этнотерриториялык талаш-тартыштарды пайда кылган. Албетте, бул багытта атайын иш алып барган комиссиялар бир топ татаал маселелерди чечүүгө аракеттенгендигин белгилөө зарыл.

Бирок, келтирилген архивдик ж.б. материалдардан улуттук-аймактык чек ара тактоолорунун жана анын жыйынтыктарынын кийинки Өзбек Республикасынын пайдасына чечилгендигин көрүүгө болот. Жыйынтыгында, татаал этнотерриториялык талаш-тартыштардын натыйжасында, Фергана өрөөнүнүн 50 өзбек, 14 сарт айылдары Кыргызстанга, 100гө жакын кыргыз, 28 кыпчак, 17 түрк, ондогон каракалпак, курама ж.б. айылдары Өзбекстандын административдик башкаруу аймагына өтүп кеткен (Койчиев 2001, 79).

Мисалы, бүгүнкү күнгө карата Фергана өрөөнүнүн Өзбекстан тарабында калган кыргыздар жашаган айрым айылдарда гана улуттук мектептер, маданий борборлор сакталып келет.

Акыркы он беш жылдыктагы коңшу өлкөнүн бул олуттуу улуттук маселеге толук көңүл бөлбөгөндүгү же андан таптакыр баш тарткандыгы ушул маселени ого бетер татаалдатып койду.

Этнограф, профессор Олжобай Каратаев жазгандай, эгерде уруулук отурукташууга көңүл бурсак, Фергана өрөөнүнүн Өзбекстан тарабындагы аймактарында негизинен кыпчак (Коргонтөбө, Айым, Жалалкудук, Ханабад ж.б. райондор), чоңбагыш, нойгуттар (Кокон району), жоокесектер (Вуадил району), мундуз уруусу (Айым, Жалалкудук райондору), кара багыш, чоң багыш уруулары (Ханабад), найман (Ханабад, Жалалкудук, Вуадил, Мархамат ж.б.), кыдырша (Ханабад), саруу, моңолдор (Чуст, Касансай), тейит (Ханабад, Жалалкудук ж.б.), бостон (Мархамат ж.б.) ж.б. кыргыз урууларынын өкүлдөрү байырлап келишет.

Учурда Ташкент облусунда да бир топ сандагы кыргыздар жашоодо. Ташкент кыргыздары негизинен областтын чыгыш жарымында, Чаткал кырка тоолорун ыктай жайланышкан. Алар анын Бөкө, Пушкин, Чыйырчык (Чырчык), Паркен, Орджоникидзе райондорунун Мискен, Чымген, Күмүшкен, Кабардан, Политотдел, Рават, ХХ партсьезд, Дарман деген жерлерде (мурдагы колхоз-совхоздордун административдик аймактарында) жашашат (Алымбаев Абдрахман,1990,3).

Болжол менен бул жердеги (Ташкент аймагы) кыргыздардын саны 25 миңге чамалап барат. Ташкенттик кыргыздар жалпы жонунан өздөрүн «чапкылдыктар» дешет «Чап» - сол, «кол» - «сол колдогулар», «сол канаттагылар» деген маанини туюнтат. Чапкылдыктардын бир бөлүгү Баткен областындагы Лейлек, Баткен, Жалал-Абадтын Сузак райондорунун (Багыш айыл өкмөтү) аймактарын байырлашат.

Чапкылдыктар кыргыз урууларынын генеалогиялык классификациясында ичкилик (Булгачы) уруулук тобуна киришери маалым. Мындан сырткары, ушул эле аймакта кыргыздын ават, оргу, нойгут сыяктуу уруулары жашашары аныкталган.

Ошол жердеги информаторлордун айтымында чапкылдыктардын тууган-тушкандары Анжиян, Кокон, Сүлүктү, Лейлек, Кызылкыяда ж.б. жерлерде жашашат. Бул факт кыргыздардын Фергана аймагынын чөлкөмдҮк ич ара миграциясын чагылдырат. Чапкылдыктар: кал, алайлык, чапан, тейит, шабырай, шажыгай, чот.

Ташкендик кыргыздар мурун Чаткал кырка тоолорунун батыш капталынан орун алган Нуреката, Аксаката деген абдан кооз жерлерде жашашыптыр.

Уламыш боюнча Нуреката, Аксаката, Беркиата, Көктереката, Көката, Акбилеката, Арапата – жетөө тең бир атанын балдары экен. Бул жерлер жалпысынан Алтынбел деп да аталары маалым.

Сырдарыялык кыргыздар негизинен Сырдарыя, Жиззак облустарынын аймактарында жашашат. Бул чөлкөмдө кыргыздын ичкилик уруусуна кирген тейит, кесек уруусунун өкүлдөрүнүн бир бөлүгү жашайт.

Алардын жайгашкан жерлери Заамын, Бакмал, Достук, Ильич райондорунун аймактары.

Тейиттердин уруулук курамы жергиликтүү информаторлордун берген маалыматтарында төмөндөгүдөй бутактарга бөлүнөт: бай тейит, сары тейит, кара тейит, жаман тейит, ак чал тейит, жуман тейит, кыпчак тейит, хан тейит, кесек тейит ж.б. Бай тейиттер: арык, кутуке, куталы, аба манак, кашка.

Сырдарыялык тейиттердин уруулук курамы Лейлек, Каратегин кыргыздарындагы тейиттердин уруулук курамы менен толук дал келет. Бул факт тейиттердин өтө кенен ареалдагы таралуусун чагылдырат. Тейиттердин айрым бөлүктөрү Түндүк Афганистан жана Кытайды (Чыгыш Түркстан) байырлашары жөнүндө даректүү маалыматтар бар.

Бай тейиттер жөнүндө төмөндөгүдөй ылакап кеп бар: «Кутукенин баласын мылтык берип зоого кой, Абай менен Манакты маңдайлашкан жоого кой, Кашкаларды чечилбес кара доого кой, Кутаалынын жигитин чалкалатып ашка кой же болбосо, чара мене башка кой» (Алымбаев Абдрахман, 1990,3).

Сырдарыялык кесектер негизинен бай кесектер (бай кесек - кесек уруусунун эң ири уругу) деп аталышат. Айрым информаторлор аларды тейиттерден таратышат. Бирок, бул көз караш далилдөөнү талап кылат.

Кесек - кыргыздын ичкиликтер уруусунун курамындагы эң кеңири уруулардын бири. Сырдарыялык кесектер - 12 уруктан турушат. Алар төмөнкүлөр: чүчүк, тагайберди, кызыл аяк, кара кесек, кара молдо, сибирчи, таздар, бөксө, ават, найман, чапкылдык, чувулдак.

Бул кесектердин урулук курамы Баткен, Лейлек, Каратегиндеги кесектердин уруулук курамынын аталышы менен толук дал келет. Кесектер – Чыгыш Түркстанда да бар экендиги маалым (Абрамзон 1959, 167).

Демек, аталган кеңири аймактардагы кыргыздардын этностук негизи бир дегенге толук негиз бар.

Ташкенттиктерден айырмаланып, Сырдарыялык кыргыздардын негизги бөлүгү тоо аймактарында жашайт. Ошондуктан аларда тил, улуттук каада-салттар тазараак сакталган. Элдик уламыш, легенда, ал турсун устачылык (темир уста) өнөрү да жоголгон эмес.

Заманбап көйгөйлөр түзөтүү

«Кыргыз-Ата» Элдик саясий партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, өзбекстандык кыргыздардын мектептеринин көйгөйлөрү арбып барат:

«Кыргызстандан билим алган кыргыз-тил мугалими да Ташкенттен 3-айлык кошумча билим алууга жана атайын конкурстан өтүүгө милдеттүү. Мындан сырткары Кыргыз мектептеринин аты эле болгону менен заты өзбек мектеп болуп калган, мындайча айтканда кыргыз мектептери ар жылы биринчи класска 3-4 класс кабыл алса анын бири гана кыргыз класс болуп жатат. Буга себеби башталгыч билим берүү тармагында Кыргыз тилдүү китептердин жоктугу, болсо да бир китеп 300-400 сомго чейин жетип, бир балага Кыргыз сому менен эсептегенде 2000-3000 сомго жакын акчаны Ата-энелери таба алышпай балдарын өзбек класска берүүгө аргасыз болушууда. Буга чейин китеп, окуу куралдары Кыргыз Өкмөттү тарабынан камсыздалып келген».

Кыргыз Өкмөтү көмөк көрсөтүп жардам бербесе кыргыз мектептери да жабылып Өзбекстандагы кыргыздар кыргыз тилин билбей калышы толук мүмкүн.

Ошону менен бирге, Ташкенде мектептер үчүн кыргыз тилинде окуу китептери да жарыяланууда, мамлекеттик үналгыда кыргызча редакция ишин улантып келет.


Кыскача адабият тизмеси түзөтүү

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.
  • Каратаев О.К. Туунду этнонимдердеги кёптък маанини билдиръъчъ мъчёлёр//Вестник КГНУ. Филологические науки. Ч.2. -Бишкек, 1999. 87-92 бб.
  • Каратаев О.К. Жайчы, калча, мангыт, каракуш, чагыр ж.б. (тарыхый-лингвистикалык иликтёё).Ренессанс. Тарых жана маданият. 2 –чыгарылышы. – Бишкек, -Ош, 1999. 20-25 бб.
  • Каратаев О. К. Фергана ёрёёнъндёгъ кыргыздардын этностук курамы. Ош и Фергана: Археология, новое время, культура, этногенез. -Вып.4. – Бишкек, 2000. 103-105 бб.
  • Каратаев О.К. Кыргыз-огуз тарыхый этникалык байланыштары//КТМУ. Коомдук илимдер журналы, - Бишкек, 2001, 175-186 бб.
  • Каратаев О.К. Кыргыз этнонимдердин структурасы //Вестник КГНУ: Серия.I.Гуманитарные науки. –Вып.3. Филология. Языкознание. Государственный язык. –Бишкек, 2001, 89-92 бб.
  • Молдокасымов К. “Курманжандын көз жашы”. – Б., 1991.
  • Молдокасымов К. Кокон ордосунда кызмат өтөгөн кыргыз тарыхчысы же Кокон хандыгынын тарыхына арналган анын кол жазмасы // Магзуни. Фаргана хандарынын тарыхы. – Бишкек: Турар, 2007. – 3-14-беттер. -
  • Молдокасымов К., Абасбеков А.Т. “Кыргыз айымдары тарых таразасында. (Х1Х кылым)”. – Б., 2004. - А. Т. Абасбеков менен авторлош.
  • Чоротегин Т., Молдокасымов К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин) // Кыргызстан: Энциклопедия. – Бишкек, 2001.
  • Молдокасымов К.С. Х1Х кылымдын экинчи жарымы –ХХ кылымдын башындагы кыргыз-өзбек элдеринин тарыхый байланышынын өнүгүшү (автореферат), Бишкек, 1994.
  • Кайыпов С. Жылга бергис жарым күн: Илимий-пoпулярдык китеп – Б.: Учкун, 2006. - 220 б.
  • Kayıpov Sulaiman. Folklor Üzerine Yazılar: Makaleler, Bildiriler. – Ankara, 2006.
  • Жумабаев Б. Памир: Улуу державалардын ортосундагы геосаясий күрөш. – Бишкек: Учкун, 2009. – 192 бет.
  • Жумабаев Б. Батыштан Азиянын жүрөгүнө чейин // Кыргыздар / Түзгөн Кеңеш Жусупов. – Бишкек, 2003. – Т. 5. – 289-298-беттер.
  • Жумабаев Б., Маанаев Э. Памир кыргыздары: Тарыхий-этнографиялык очерк. – Бишкек, 2009. – 186 бет.
  • Чоротегин Т., Молдокасымов К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (ISBN 9967-00-001-5). – 160 б.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү


  1. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк
    ISBN 9967-13-159-4