Өзүн өзү дарылоо — дары каражаттарды, ыкмаларды врач же медициналык кызматкердин сунушу жана көзөмөлүсүз өз алдынча колдонуу; ал демейде ар кандай кабылдоолорго, кээде инвалиддикке, ошондой эле өлүмгө да алып келет.

Жашоого коркунучу түзөтүү

Өзүн өзү дарылоодон күтүлбөгөн жерден жашоого коркунуч туудуруучу абалда (жүрөк ооруганда, травмада, кан агууда, күйүктө) өзүнө же өз ара врачка чейинки биринчи жардам көрсөтүүнү айырмалай билүү керек. Өзүн өзү дарылоодо оорунун себептерине карата эмес, оорунун айрым белгилерине (түрдүү ооруларда окшош болушу мүмкүн) карата дарылоо жүргүзүлөт. Ал оорунун белгилерин өзгөртүп, диагноз коюуга тоскоол болуп, натыйжада оору улаарып кетиши мүмкүн. Андан тышкары мында дарылар организмдин тукум куума жана кийин пайда болгон өзгөчөлүгү, бөйрөк, боор, эндокрин системасынын, ичеги-карын жолдорунун функциялык абалы, мурда ооруган оорулар, оорулуунун жашы жана башкалар эске алынбай колдонулат. Бир эле дары белгилүү өлчөмдө бирде натыйжалуу, кээде аз пайдалуу же зыяндуу болот. Мисалы, өзүн өзү дарылоодо антибиотиктер, сульфаниламид дарылары, аары, жыландын уусу жана башкалар аллергиялык реакцияларды (Аллергия) пайда кылат. Аллергия оорулары (бронх астмасы, бөрү жатыш жана башкалар) менен ооругандар өзгөчө көңүл буруусу керек. Белгилүү дарыларды көтөрө албагандарда аны ичкенден кийин тери дүүлүгүп кычышат, кызарып, шишийт, киши чыйрыгат. Мындай учурда аны кайталап кабыл алууга болбойт.

Организм тууралуу түзөтүү

Организмдин дарыларга өтө сезгичтиги жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу болот. Картая баштаган организмде көпчүлүк бездердин активдүүлүгү төмөндөп, боор, уйку бези, бөйрөктүн функциялары өзгөрүлөт, дарыны бөлүштүрүү жана бөлүп чыгаруу жайланат. Анын үстүнө улгайган кишилерде бир нече оору болушу мүмкүн; бир оорусун дарылоо, башкасын күчөтөт. Ошондуктан дарылоо врачтын көзөмөлү менен гана жүргүзүлөт. Айрыкча кош бойлуу аялдар менен балдарга өз алдынча дарылануу коркунуч туудурат. Себеби, түйүлдүк менен кичине балдардын организми түрдүү таасирлерге (анын ичинен дарыларга) өтө сезгич келет. Дарылардын организмге тийгизген таасири абдан татаал жана көп түрдүү. Аларды туура колдонбосо (өлчөмүн бир аз көбөйтүү же азайтуу, дарыны кабыл алуу иретин бузуу жана башкалар) терс таасир бериши мүмкүн. Кээде дарынын кабыл алуу иретин бузганда (тамакка чейин же тамактан кийин) кабылдоолор болот. Мисалы, ацетилсалицил кислотасы (аспирин) карындын былжыр челине дүүлүктүрмө таасир берип, кан агууга алып келиши мүмкүн. Уктатуучу дарыларды дайыма кабыл алганда организм көнүп, дарынын кадимки өлчөмү таасир этпейт, анын өлчөмүн дайыма көбөйткөндө организмди уулантат. Мезгили менен ич өтүп, ич катып, баш ооруса врачка кайрылуу зарыл. Баш ооруганда фенацетин, амидопирин кошулган дарыларды абайлап ичүү керек. Ичтин катуу оорушу көбүнчө хирургиялык жардамды талап кылуучу оорулардын (мисалы, аппендицит) бирбелгиси, ошондуктан анда өзүн өзү дарылоо коркунуч туудурат.

Физикалык-химиялык касиеттер түзөтүү

Дарынын өлчөмүн өз алдынча көбөйтүү же окшош дары менен алмаштыруу да кабылдоолорго алып келиши мүмкүн. Кээ бир дарылар өзүнүн физикалык-химиялык касиеттери боюнча бир-бирине туура келбей, алардын өз ара аракетинен организмге зыяндуу заттар пайда болот, өз ара нейтралдашат же бир дарынын таасири күчөйт же басаңдайт. Мисалы, кээ бир витаминдер бир-бирине карама-каршы таасир этет.

Зыяны түзөтүү

Өзүн өзү дарылоонун зыяны түрдүү дарыларды кабыл алуу менен гана чектелбестен, дарылоонун башка ыкмаларын (түрдүү диета, ачка болуу жана башкалар) өз алдынча колдонгондон да болот. Арыктоо үчүн жүрөк-кан тамыр, эндокрин, нерв системаларынын абалына жараша диета белгиленет. Дем алуу, нерв жана жүрөк-кан тамыр системаларынын өнөкөт оорулары менен жабыркагандарга дене тарбия көнүгүүлөрүн, йогдордун гимнастикасын өз алдынча пайдалануу ден соолукка, кээде өмүргө зыян келтириши мүмкүн. Сасык тумоодо ар түрдүү мончолорго түшүү зыяндуу. Курорттук факторлорду өз алдынча пайдалануу да ден соолукка зыян келтирет. Өзгөчө картайган, улгайган кишилер климатты кескин өзгөртүү, жүрөк-кан тамыр, эндокрин, нерв системасы оорулууларга терс таасир тийгизет. Ден соолукту чыңдоо, дарылануу боюнча врачка кайрылуу зарыл, себеби врач сунуш берүүдөн мурда ар кандай ыкмаларын колдонуп, корутунду чыгарат. Ар бир киши өзүн өзү дарылоодон баш тартуу менен бирге, табыпчылык жана илимий жактан аныкталбаган дарылоо ыкмаларды колдонбоого тийиш.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8