Өкүлчүлүктүн пропорциялаш системасы

Өкүлчүлүктүн пропорциялаш системасы - шайлоо системасы. Анын негизи катары партия үчүн берилген шайлоочулардын добушу менен добуш алган мандаттардын ортосундагы пропорциялаш принциби алынган.

Бул системада чоң-чоң шайлоо округдары түзүлөт. Алардын ар биринен бир нече депутат шайланат (округдун чоңдугуна жараша өкүлчүлүктүн мажоритардык системасына Караганда Өкүлчүлүктүн пропорциялаш системасынын артыкчылыктары даана белгиленет). Өкүлчүлүктүн пропорциялаш системасы боюнча жүргүзүлгөн шайлоолордо өкүлчүлүк органдарына талапкерлер жалаң гана саясий партиялар

тарабынан көрсөтүлөт (партиялардын ар бири талапкерлердин тизмесин көрсөтүшөт). Ал эми шайлоочу бул же тигил партиянын тизмеси үчүн добуш берет. Кээде эркин тизменин жардамы менен шайлоочуларга талапкерлерге карата мамилесин аныктоого мүмкүнчүлүк берилет (б.а. шайлоочулар партиялык тизмеде өзүлөрү каалаган талапкерлердин фамилиясынын тушуна белги коюшат). Бул же тигил партиянын мандатынын көлөмүн аныктоо үчүн квота белгиленет. Квота - бул депутатты шайлоо үчүн зарыл добуштардын эң аз саны. Ал ар бир шайлоо округуна өзүнчө же ошондой эле, бүт өлкө үчүн жалпы болушу да мүмкүн. Өкүлчүлүктүн пропорциялаш системасы кеңири жайылган. Аны Финляндияда, Швейцарияда, Швецияда, Норвегияда, Австрияда, Бельгияда, Австралияда ж.б. өлкөлөрдө колдонушат.

Айрым өлкөлөрдө (ФРГ, Орусия) бул система өкүлчүлүктүн мажоритардык системасы менен катар аралаш пайдаланылат. Мажоритардык системага салыштырганда Өкүлчүлүктүн пропорциялаш системасы өлкөдөгү партиялык күчтөрдүн накта катышына ылайык түзүлгөн курамдагы борбордук жана жергиликтүү мекемелерин түзгөнгө мүмкүнчүлүк берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8