"Өкүл ата" (англ. The Godfather ) — кылмыштык жанрдагы тасмасы 1972-жылы кинорежиссер Френсиз Форд Каппола менен продюсер Алберт Роддинин биргелешкен эмгеги көгүлтүр экранга чыккан. Тасма Марио Пүзонун дүйнөгө белгилүү "Өкүл ата" аттуу бестселлер романынын негизинде тартылган.

Өкүл ата (тасма)
Режиссеру Фрэнсис Форд Коппола
Продюсер Алберт Рудди
Сценарийи
Оператору Гордон Уиллис
Негизинде Өкүл ата
автору: Марио Пүзо
Тартылгандар
Музыкасы Нино Рота
Редактору
Студия Alfran Productions
Жайылтуучу Paramount Pictures
Чыккан жылы
Узактыгы 177 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $6–7 млн[2]
Киреше $245.1 млн[2][3][4]

Чыгарма Марлон Брандо жана Ал Пачинонун Нү-Йорктогу кылмыштуу үй-бүлөсү тууралуу. Окуя 1945 жана 1955-жж. арасындагы үй-бүлө башчысы Дон Вито Карлеоне өзүнүн ордуна уулу Майкл Карлеонени аёну билбеген мафиянын чоңу кылуу аракети менен башталат. Романдагы негизги сүрөттөлүштөрдүн укугу популярдуулук алганга чейин 80000 АКШ долларына ээ болгон. Тасманы тартуу иштеринде биринчи талапкерлер позициядан баш тартышкан соң, студионун админстрациясы режиссер табууда кыйналышкан. Студио кызматкерлери жана тасманын кинорежиссеру Каппола бир нече каармандардын, өзгөчө Вито жана Майклдын кинодо роль ойноосуна макул болгон эмес. Тасманы тартуу иши киноаянтында эле бүтүп, болжолдогон күндөн да эрте аяктаган. Тасмадагы музыкага Кармин Капполанын жардамы менен Нино Рота композиторлук кылган. "Өкүл ата" фильми 1972-жылдагы гана эмес, башка кинолордун арасынан суурулуп чыккан, эң көп кирешелүү тасмалардын катарын толуктайт. "Мыкты сүрөттөлүш", "Мыкты актер" (Брандо) жана "Мыкты адаптацияланган сценарий" үчүн Оскар сыйлыгын жеңген. Бул гана эмес, экинчи пландагы актерлор: Ал Пачино, Жеймс Каан, Роберт Дүвал жана "Мыкты кинорежиссер" Фрэнсис Форд Коппола Оскар сыйлыгынын бир катар жеңичүүлөрү болушкан. Мындай баш айланткан популярдуулуктан кийин тасманын уландылары "Өкүл ата 2" (1974-ж.) жана "Өкүл ата 3" (1990-ж.) да жарык көргөн.

Гангстер жанрындагы "Өкүл ата" тасмасы киноиндустриясындагы көрармандар арасындагы кеңири талкууга алынган эң таасирдүү тасмалардын сап башында турат.

1990-жылы АКШ Улуттук Фильм Каттоодогу, АКШ Конгрессинин китепканасы тарабынан "маданият, тарых, эстетикалык маанилүүлүгү" менен өзгөчөлөнгөн кино деп табылган. АКШ Фильм Институту тарабынан Америка кино дүйнөсүндөгү эң белгилүү кинотасмалардын ичинен экинчи орунду ээлеген.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. THE GODFATHER (18). British Board of Film Classification (May 31, 1996). Текшерилген күнү 15 Апрель 2016.
  2. 2.0 2.1 Өкүл ата (1972). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 6 -декабрь (бештин айы) 2014.
  3. Von Gunden, 1991, p. 36
  4. Өкүл ата (Re-issue) (1997). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2014.