Өч алгычтар: Алтрон доору

"Өч алгычтар: Алтрон доору" (англ. Avengers: Age of Ultron, орус. Мстители: Эра Альтрона) — Американын 2015-жылы чыгарган супер каармандык тууралуу тасмасы. Marvel комиксиндеги "Өч алгычтар" супер каарман тайпасына негизделип тартылган. Продюсери Marvel Studios, ал эми жайылткан Walt Disney Studios Motion Pictures. Бул "Өч алгычтар" тасмасынын уландысы жана Marvel киноааламындагы 11-фильм. Сценарийин жазган жана режиссеру Жосс Уидон. Актердук топко киргендер: Роберт Дауни кичүүсү, Крис Хемсворт, Марк Руффало, Крис Эванс, Скарлетт Йоханссон, Жереми Реннер, Дон Чидл, Аарон Тейлор-Жонсон, Элизабет Олсен, Пол Беттани, Коби Смолдерс, Энтони Маки, Хейли Этвелл, Идрис Элба, Стеллан Скарсгард, Жеймс Спэйдер жана Самуэл Л. Жексон. "Өч алгычтар: Алтрон доору" тасмасында өч алгычтар адамзатты жок кылууга алып барган Алтрон аттуу жасалма акыл-эс менен согушушат.

Өч алгычтар: Алтрон доору
Жанры

Илимий фантастикалык тасма и superhero film

Режиссёру

Joss Whedon

Продюсери

Kevin Feige

Сценарийдин
автору

Joss Whedon,
Stan Lee,
Jack Kirby

Оператору

Ben Davis

Композитору

Danny Elfman,
Brian Tyler

Кинокомпания

Marvel Studios

Узактыгы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Бюджети

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Кирешеси

Маалыматтардын маңызы белгисиз., Маалыматтардын маңызы белгисиз. и Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Өлкө

АКШ

Тили

англис тили

Жылы

Маалыматтардын маңызы белгисиз., Маалыматтардын маңызы белгисиз., Маалыматтардын маңызы белгисиз., Маалыматтардын маңызы белгисиз. и Маалыматтардын маңызы белгисиз.

IMDb

ID 2395427

"Өч алгычтар" тасмасы ийгиликтүү көрсөтүлө баштагандан кийин уландысы тартылаары туурасында 2012-жылдын май айында жарыяланган. Тасманын режиссеру Уидон командага август айында кайрадан чакырылып, кинонун чыга турган күнү белгилүү болгон. 2013-жылдын апрель айына чейин Уидон сценарийдин биринчи черновигин иштеп чыккан. Кастинг июнь айында Дауни менен келишимге дагы бир жолу кол коюлуп башталган. Тасма тартуунун экинчи бөлүгү 2014-жылдын февраль айында Түштүк Африкада башталган. Ал эми негизги тасма тартуу иштери ошол эле жылдын мартынан августуна чейин созулган. Тасманын көпчүлүк бөлүгү Англиянын Суррей жергесиндеги Shepperton Studios компаниясында тартылган. Кошумча кадрлар Италияда, Түштүк Кореяда, Бангладеште, Нью-Йоркто жана Англиянын ар кайсы жергелеринде тартылып алынган. Өндүрүштөн кийин тасма 3D форматына которулуп, кошумча дагы 3000ден ашуун визуалдык эффекттер менен толукталган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү