Boeing (Боинг) - Американын эл аралык корпорациясы. Ал учактарды, тик учактарды, ракеталарды жана космостук кемелерди дүйнө жүзү боюнча жасап, өндүрөт жана сатат. Ошондой эле компания лизиң жана продукцияны колдоо боюнча кызматтарды көрсөтөт. Boeing дүйнө жүзүндөгү ири учак өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат; ал 2015-жылдагы кирешеси боюнча дүйнөдөгү экинчи орунда турган коргонуу жалдануучусу болуп саналат жана доллар наркы боюнча Кошмо Штаттардагы эң ири экспорттоочу болуп эсептелет. Boeing биржалык фонду Доу Жонс өнөр жай индексинин бир бөлүгү болуп саналат.

Boeing 747.

Boeing компаниясынын штаб квартирасы Чикагодо жайгашкан жана ал президент, башкы директор Деннис Мулленбург тарабынан жетектелет. Boeing беш негизги топко бөлүнгөн: Boeing коммерциялык учактар (англ. Boeing Commercial Airplanes, BCA); Boeing коргонуу, космос жана коопсуздук (англ. Boeing Defense, Space & Security, BDS); Инженерия, операциялар жана технология; Boeing капитал жана Boeing Shared Services Group. 2016-жылы соодадан 94.6 млрд таап, Fortune журналынын "Fortune 500" тизмесинде 24-орунду ээлеп (2017), "Fortune Global 500" тизмесинде (2017) 61-орунга жайгашка, ал эми "Дүйнөнүн эң суктандырган компаниялары" тизмесинде 30-саптан орун алган (2017)

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү