Coursera - Стенфорд университетинин информатика профессорлору Эндрү Ын менен Дафна Коллер уюштурган массалык онлайн-билим берүү тармагындагы долбоор. Мунун алкагында бекер онлайн-курстар тутуму түрүндө интернетте билим берүү материалдарын жарыялоо долбоору бар.

Долбоор системде түрдүү билим тармактары боюнча курстарды жүргүзгөн жана жарыялаган университеттер менен кызматташат. Студенттер түздөн-түз Coursera сайтында курстардан өтүшөт, курсташтары менен баарлашышат, тест жана сынак тапшырышат. iPhone жана Android үчүн расмий колдонмо да жайылууда. 2017-жылдын февраль айына карай Coursera'га 24 миллион колдонуучу, ошондой эле, 149 билим берүү мекемесинен 160 адистик боюнча 2000 курс катталган.

Тарыхы түзөтүү

Курстар түзөтүү

Долбоордо физика, инженердик дисциплиналар, гуманитардык илимдер жана искусство, медицина, биология, математика, информатика, экономика жана бизнес курстары бар. Курстар болжол менен алты жумадан он жумага чейин созулат. Жумасына 1-2 сааттык видеолекция болот. Курстарда тапшырмалар, апталык көнүгүүлөр, кээде жыйынтыктоочу долбоор же сынак болот.

Academic Earth сыяктуу долбоорлордон айырмаланып, аталган долбоор өзүнчө лекцияларды эмес, субтитрдүү видеолекцияларды, тексттик конспектерди, үй тапшырмаларын, тест жана жыйынтыктоочу сынакты камтыган толук кандуу курс сунуштайт. Курстарга жеткилик убакытысы чектелүү; ар бир үй тапшырма же тест белгилүү бир убакыт ичинде аткарылышы керек. Ара жана жыйынтыктоочу сынактарды ийгиликтүү тапшырган студенттерге курсту бүтүргөнү тууралуу сертификат берилет.

2014-жыл үчүн айтканда, курстардын негизги бөлүгү англис тилинде өтүлөт. Кытай, испан, франсуз, орус, португал (ондон ашык) тилдеринде жана бир нече башка тилдерде өтүлгөн курстар бар. Муну менен катар, ыктыярдуу студенттер тарабынан дүйнөнүн көптөгөн тилдеринде субтитрлер түзүлүп жатат. Орус тилинде субтитр түзүү үчүн 2015-жылдын башында "Coursera'ны которолу" долбоору ишке кирген. Буга 2015-жылдын башы үчүн айтканда 15 миң катышуучу катталып, 30 курс которулаган.

Белгилүү лекторлордун долбоордо жарыяланган курстарынын арасында төмөнкүлөр бар: "Машиналык билим берүү" (Эндрү Ын), "Ыктымалдуу графикалык моделдер" (Дафна Колер), "Автоматтар теориясы" (Жеффри Улман), "Scala тилинде функционалдык программалоонун принциптери" (Мартин Одерски), "Иррационалдуу жүрүм-турум боюнча үйрөнчүктөр үчүн колдонмо" (Ден Ариели), "Джаз төкмөчүлүгү" (Гери Бөртон)

Coursera ошондой эле университеттер менен өнөктөштүктө даража курстарын сунуш кылат. Мисалы, платформа HEC Paris аткаруучу мастер инновация жана ишкердик боюнча өнөктөшү болуп саналат[1]. 100% онлайн, бул программа 18 айдын ичинде ушул эки багыт боюнча адистешкен улук жетекчилерди окутууга багытталган[2]. Ал 2017-жылдын март айында ачылган.[3]

Шилтемелер түзөтүү

  1. MSc in Innovation and Entrepreneurship
  2. Exclusif. HEC se lance dans un diplôme… 100 % en ligne
  3. HEC lance un programme diplômant 100 % en ligne