GNU General Public License (GNU GPL же GPL; Жалпыга ачык лицензия) — кеңири колдонулган эркин программа лицензиясы. Ал акыркы керектөөчүлөргө программаны иштетүү, окуп-изилдөө, бөлүшүү жана өзгөртүү эркиндигине кепилдик берет. Лицензия башында GNU долбоору үчүн Free Software Foundation (FSF) фондундагы Ричард Столлман тарабынан жазылган. Ал компүтер программасын алгандарга Эркин программа аныктамасында жазылган укуктарды берет. GPL — бул копилефт (же туунду) лицензия. Бул бутактама эмгек бир гана ошол лицензиянын шарттарына ылайык таратыла алат дегенди билдирет. Бул BSD (Беркли программа таратуу) жана MIT (Массачусетс технологиялык институтунун) лицензияларында кеңири колдонулган уруксат берилген эркин программа лицензияларынан айырмаланат. GPL жалпы пайдалануу үчүн чыккан биринчи копилефт лицензия болгон.

Тарыхый жактан алганда GPL лицензиялык үй-бүлөсү эркин жана ачык булак программа домендериндеги эң популярдуу программалык лицензиялардын бири болуп калды. GPL лицензиясы менен жарык көргөн көрүнүктүү эркин программаларга Linux өзөгү жана GNU компилятору (GCC) кирет. Дэвид А. Уилердин белгилешинче, GPL тарабынан камсыздалган копилефт Linux'ка негизделген системалар үчүн эбегейсиз ийгилик жараткан. Ал өзөк жасоого салым кошкон программисттердин — программа чыгарган компаниялар тарабынан эле колдонулуп, коомчулукка эч нерсе бербей калбастан — эмгеги дүйнө жүзүндө пайдаланылып, эркин болуп калаары боюнча ишенимин бекемдеген.

2007-жылы лицензиянын үчүнчү версиясы (GNU GPLv3) жарык көргөн. Ал узак убакытка чейин пайдалануу учурунда байкалган экинчи версиясындагы (GNU GPLv2) көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Лицензияны бүгүнкү күнгө чейин өтүмдүү кылып туруу үчүн GPL лицензиясы "кийинки версия" аттуу опционалдык беренесин камтыйт. Ал колдонуучуларга FSF'тин түп нуска шарттары менен жаңы версиялардын шарттарынын бирин тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Программисттер өз программаларын лицензиялап жатканда аны толтурбай эле өтүп кете алышат; мисалы, Linux өзөгү ​​"кийинки версия" беренеси жок эле, GPLv2 лицензиясынан өткөрүлгөн.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү