Objective-C - Apple корпорациясы колдонгон компилденүүчү объектиге багытталган программалоо тили. Си тилинин жана Smalltalk парадигмаларынын негизинде түзүлгөн. Атап айтканда, объектилик модели Smalltalk - стилинде курулган. Ал демек, объектилерге билдирүү жөнөтүлөт.

Objective-C тили Си тилинин кеңейтилгени. Ошондуктан, Си код Objective-C компиляторуна толугу менен түшүнүктүү.

Objective-C компилятору GCC'ге киргендиктен көбүнчө платформаларда иштейт. Биринчи кезекте Mac OS X (Cocoa) жана объектиге багытталган OpenStep интерфейсинин ишке ашырылышы болгон GNUstep үчүн пайдаланылат. Ошондой эле, iOS (Cocoa Touch) үчүн колдонулат.

Башка түзөтүү

Apple'дын расмий сайты - тил жөнүндө маалыматтын негизги булагы. Иштеп чыгуучулардын форуму, коддун үлгүлөрү жана документтин толук версиясы катталган гана иштеп чыгуучуларга жеткиликтүү.

IDE Xcode - Objective-C тилинде негизги иштеп чыгуу каражаты. IDE жалгыз Mac OS X ОСны колдойт. Apple'дын App Store колдонмолор дүкөнүндө бекер тарайт.

Objective-C тили жөнүндө пайдалуу маалыматтарды news-топтон жана жөнөтүү тизмесинин архивинен табууга болот.

GNUstep долбоору - NextStep менен Mac OS X'те колдонулган Foundation жана AppKit жабык китепканаларынын аналогун түзүү аракети. Китепканалардын баштапкы коду Objective-C тилинде жазылган жана бекер таркатылат. Долбоордун сайтында тилди колдонуу мисалдары жана бир нече колдонмонун баштапкы коду бар.

Objective-C, gcc дорбоорунда түзүлгөн gobjc компиляторунун аркасында дээрлик бардык GNU/Linux дистрибутивдерде жеткиликтүү.

Objective-C менен ОС Windows'то иштөө үчүн (акысыз) POSIX чөйрө эмуляторлорун колдонушат:

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү