PlayStation (жапончо: プレイステーション; хэпбөрн тамгасы менен: Pureisutēshon; PS деп кыскартылат) — төрт үй оюн консолунан, ошондой эле медиа борбордон, онлайн кызматтан, оюн башкаруучу зымдан, эки портативдик консол менен смартфондон жана дагы бир нече журналдардан турган оюн бренди. Алгачкы PlayStation Жапонияда колдонууга берилип, аны Sony Interactive Entertainment компаниясы 1994-жылдын 3-декабрында иштеп чыккан жана ошондон бери ага ээлик кылып келет.

PlayStation.

Алгачкы жолу ишке киргенден 9 жыл 6 ай өткөндөн кийин бул сериядагы баштапкы консол биринчи видео оюн консолу болуп калган. Ал 100 миллион даана менен сатылган. Анын мураскору, PlayStation 2, 2000-жылы жарык көргөн. PlayStation 2 2012-жылдын 28-декабрына карата 155 миллиондон ашуун даана сатылып, бүгүнкү күндө бестселлер үй консолу болуп эсептелет. Sony компаниясынын кийинки консолу PlayStation 3, 2006-жылы жарык көргөн. 2013-жылдын ноябрына карата дүйнө жүзү боюнча 80 миллиондон ашуун консол сатылган. Sonyнин акыркы консолу PlayStation 4, 2013-жылы жарык көргөн. Алгачкы эле сатыкка чыккан 24 сааттын ичинде бир миллион консол сатылып, тарыхтагы эң тез сатылган консол болуп калган.

PlayStation Network дүйнө жүзү боюнча 110 миллиондон ашуун колдонуучусу бар (2013-жылдын июль айына карата) онлайн кызмат. Ал өз ичинде оюндарды жана мултимедианын ар кандай түрүн сатып алып, жүктөөгө мүмкүнчүлүк түзгөн PlayStation Store аттуу онлайн виртуалдык дүкөндү, жазылууга негизделген PlayStation Plus аттуу онлайн кызматты жана 2015-жылдын март айында жабылып жаткан кезде дүйнө жүзү боюнча 41 миллиондон ашуун колдонуучуга ээ болгон PlayStation Home аттуу коомдук оюн түйүн кызматын камтыйт. PlayStation Mobile (мурунку PlayStation Suite) мобилдик түзмөктөрдө PlayStation мазмунун камсыз кылуучу программалык платформа болуп саналат. 1.xx версиясы PlayStation Vitaны да, PlayStation TVни да жана Android операциондук системасында иштеген белгилүү бир түзмөктөрдү да колдойт. Ал эми 2014-жылы жарыкка чыккан 2.00 версиясы гана PlayStation Vita жана (ыктыярдуу) PlayStation TV түзмөктөрүнө гана ылайыкташтырылган. Бул платформадагы жарык көрө турган мазмун учурда түп нуска PlayStation оюндарынан гана турат.

7-муундагы PlayStation өндүрүмү да XrossMediaBarды пайдаланат. Бул көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон графикалык колдонуучу интерфейси болуп эсептелет. LiveArea аттуу сенсордук экранга негизделген колдонуучу интерфейс PlayStation Vita үчүн ишке берилген. Анда коомдук түйүн элементтери интерфейс менен бириктирилген. Андан тышкары, PlayStation 2 жана PlayStation 3 консолдору да Linuxтун негизинде иштеген PlayStation 2 үчүн Linux жана OtherOS операциондук системаларын колдойт, бирок алардын өндүрүшү токтотулган. Ошондой эле бул сериялар көп сандаган маркетиң кампаниялары менен белгилүү. Алардын акыркыларынын бири Кошмо Штаттарда көрсөтүлгөн "Улуулук күтүп турат" аттуу жарнама болуп саналат.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү