PlayStation 3 (PS3) — Sony Interactive Entertainment тарабынан иштелип чыккан үй видео оюн консолу. Ал PlayStation 2нин мураскери жана PlayStation консол маркасынын бир бөлүгү болуп саналат. Ал биринчи жолу 2006-жылдын 11-ноябрында Жапонияда, ошол жылдын 17-ноябрында Түндүк Америкада, 2007-жылдын 23-мартында Европа жана Австралияда жарыкка чыккан. PlayStation 3 негизинен видео оюн коносолдорунун жетинчи муунунун бир бөлүгү катары Microsoft'тун Xbox 360ы жана Nintendo'нун Wii'си менен атаандаш болуп саналат.

PlayStation 3 (2006).
PlayStation 3 (2009).
PlayStation 3 (2012).

Консол биринчи жолу расмий түрдө 2005-жылдагы E3 иш-чарасында жарыяланып, 2006-жылдын аягында жарык көргөн. Өзүнүн башкы сактоо каражаты катары Blu-ray диск колдонулган алгачкы консол болгон. Коомдук оюн кызматтарын, анын ичинде Sony'нин коомдук оюн кызматы PlayStation Network'ту ишке киргизген алгачкы PlayStation консолу болуп калган. Анын алыстан байланыш курган PlayStation Portable жана PlayStation Vita менен болгон аралыктан байланышуу түзмөк аркылуу консолду башкарууга мүмкүнчүлүк жараткан. 2009-жылдын сентябрь айында PlayStation 3түн Slim модели жарык көргөн. Ал PS2 оюндарын жүргүзүүгө аппараттык жөндөмдү камсыздаган эмес. Ал түп нуска версиясына караганда жеңилирээк жана ичкерээк болгон. Жаңыртылган эн белги менен соода дизайны иштелип чыгып, программада бир аз баштапкы өзгөртүү киргизилген. Ал эми Super Slim түрү андан ары кайра жасалып, жаңыртылган консол менен кийин 2012-жылдын аягында жарык көргөн.

Система базарда жай сатылып, белгилүү бир деңгээлде Slim модели чыккандан кийин кайра калыбына келүүгө жетишкен. Анын мураскери PlayStation 4 2013-жылы ноябрда жарыкка чыккан.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү